Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Гонконгдо Кытай өкмөтүнүн саясатына каршы нааразылык демонстрациясы өткөрүлдү


ГОНКОНГ. Гонконгдо Британиянын мурдагы колониясынын Кытайга өткөрүп берилгендигинин жети жылдыгын белгилген демонстрация өткөрүлдү. Нааразылык жүрүшүнө он миңдеген кишилер катышты. Ушул жылдын апрель айында Бээжин 2007-жылы Гонкондун тургундары жаңы лидери үчүн добуш берүү укугунан, ал эми 2008-жылы чөлкөмдүн Мыйзам Чыгаруу Жыйынына көрсөтүлгөн талапкерлер үчүн добуш берүү укугунан кол ажыратыла турганын билдирген. Жарандар жайкы чилденин аптабында шаар көчөлөрүн аралап, демократиялык ураандарды чакырып жатышты. Өткөн жылкы демонстрацияга жарым миллиондой жаран катышкан.

XS
SM
MD
LG