Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:20

Чехиянын өкмөт башчысы кызматтан кетти


ПРАГА. Чехиянын президенти Вацлав Клаус премьер-министр Владимир Шпидланын кызматтан кетүү жөнүндөгү арызына кол койду. Бирок өкмөттөн жаңы кабинет шайланганга чейин милдетин аткара берүүсүн өтүндү. Шпидла өткөн жумада Социал Демократиялык партиянын башчылыгынан кеткен. Партиялаштары аны жарандардын Европарламентти шайлоого начар катышкандыгы үчүн күнөөлөп чыгышкан. Шпидланын партиядагы ордун баскан Станислав Гросс бүгүн президент Вацлав Клаус менен жолугушууда.

Чехиянын Конституциясы боюнча, премьер-министрди президент дайындайт, бирок өкмөт башчыны парламент бекитет. Гросс жаңы өкмөттү бийликтен кетип жаткан кабинетте коалициялаш болгон партиялар менен түзүүгө үмүттөнөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG