Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Кофи Аннан Судан өкмөтүнөн согушкерлерге каршы чара көрүүсүн талап кылды


ХАРТУМ. Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Судан өкмөтүнөн согушкерлерге каршы чара көрүүсүн талап кылды. Судандын түндүгүндөгү ахвал менен таанышып чыккан баш катчы Судандын өкмөтүнөн Жанжавит согушкелерлерине колдоо көрсөтпөстөн, өкмөт аларды тынчытууга милдеттүү экенин баса белгиледи.

Аннан Суданга кечээ өлкөнүн жетекчилиги менен жана регионду кыдырып жүргөн америкалык тышкы иштер министр Колин Пауэлл менен жолугушуу үчүн келди. Өлкөнүн жетекчилиги менен өткөн сүйлөшүүдө Пауэлл Судандан жакынкы жумалардын ичинде регионго гуманитардык кызматкерлерди киргизип, араб согушкерлерин куралсыздандырууну талап кылды. Аннан менен Пауэлл эгерде расмий Хартум жаңжалды жөнгө салуу иш-чарасын көрбөсө Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Суданга каршы чара көрүүсү ыктымал, деп эскертишти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG