Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Фаллужадагы бомбалоодон жабыр тарткандардын саны такталууда


БАГДАД. АКШ аскерлеринин Фаллужадагы бомбалоосунан жабыр тарткандардын саны белгисиз бойдон кала берүүдө. Кечээ кечинде аскерлер Абу Мусаб ал-Заргави жашынган деген шек менен Фаллужада турак үйдү бомбалашкан. Шаардын ооруканаларынын билдиргенине караганда, андан төрт киши курман болду, бирок маалымат каражаттары өлгөндөрдүн саны андан көп дешет.
Анын аралыгында, бүгүн Ирактын финансы министрлигине жасалган кол салууда анын эки кызматкери курман болду. Министрдин өзү болсо жеңил жараат алган. Ал эми Мосулдун жанында жол четинде орнотулган бомбага кабылып, Америка баш болгон коалициялык аскерлердин бир аскери курман болду, экөө жараат алды. Коалициянын өкүлү солдаттардын улутун айткан жок.

XS
SM
MD
LG