Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Саддамдын үстүнөн сот жакында башталат


БАГДАД. Дүйнөнүн телеканалдары Саддамдын сот алдына чыкканын көрсөтүштү. Сакалын ак аралаган Саддам өңүнөн азып, чарчаңкы көрүндү. Ал сотто өзүнө тагылган айыптарга кол койуудан баш тартты. Саддам соттун мыйзамдуулугунан күмөн санап, сот жараянын "театр" деп, "чыныгы кылмышкер Буш" деди. Ал ошондой эле, 1990-жылы Кувейтке эмне себептен басып киргендигин негиздеп, Кувейтти Ирактын аймагы деп атады. Саддамга кандай айып тагылып жатканы белгисиз. Ирактын ички иштер министринин орун басары Хамид ал-Баяти Саддам адам баласына каршы жасаган кылмыштары жана геноцид үчүн соттоло турганын белгилеп, аны өлүм жазасына тартууга чакырды:

- Менимче ирактыктардын кыбасы Саддам өлүмгө кесилгенде гана канат,- деди Баяти.

Кечээ Саддам Хусейин жана анын өкмөтүнүн 11 мүчөсү Ирактын жаңы өкмөтүнө өткөрүлүп берилген.

XS
SM
MD
LG