Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:58

ИРАКТЫН ЖАҢЫ ӨКМӨТҮ ЧЕЧЧҮ МАСЕЛЕЛЕР


Ирак бир жылдан ашык мезгилден кийин кайрадан эгемен өлкө болду. Анын күнкорсуздугунун калыбына келтирилиши менен тышкы жардам көбөйөбү? Көпчүлүк талдоочулар Иракта коопсуздук жагдайы жакшырмайынча эл аралык коомчулук жардам берүүгө өтө эле ашыкпайт деген пикирде. Ошон үчүн Аяд Алави башындагы жаңы бийлик козголоңчуларды басып, элдин урматына жетишүүсү абзел дешет байкоочулар.

Ирактын экономикалык мүмкүнчүлүгү чоң. Лекин, күнүмдүк көрүнүшкө айланган бомба жардыруулары, адам уурдоо жана чабуулдар Саддамдан соңку утурумдук өкмөткө эл чарбасын оңдоону, тышкы жана жеке инвестицияны экономикага тартууну кыйындатары шексиз.

Кирешенинин негизги булагы болгон мунай өндүрүү эки эсеге чукул азайып, козголоңчулардын маанилүү өнөр жай ишканаларына кол салуусу күчөп жатканда: “Ирак канчалык деңгээлде эл аралык аскерий жардамга таянса болот? Жагдай жөндөлмөйүнчө, тыштан капиталды күтүүгө болобу?” деген өтө маанилүү эки суроо туулат.

Үстүбүздөгү аптада Ыстамбулда өткөн НАТОнун жыйыны бул суроолорго канааттандырарлык жооп бербеди. Ирак согушуна адегенден каршы турган НАТОнун айрым мүчөлөрү альянстын жоокерлери - АКШ каалагандай - эгемен Иракта аскерий милдетти аткаруусун колдошкон жок.

Лондондук талдоочу Марк Жойс байкагандай:

- НАТОнун Иракка кыска жана орто мөөнөткө чоң сандагы кошумча аскер жөнөтпөсү акыркы жумаларда айкын болуп калган. Ошон үчүн, уюмдун мүчөлөрү НАТОнун Ирактын коопсуздук күчтөрүн машыктыруусу сындуу чектелүү эле вазийпасына макул келишти.

Анын себебин Жойс мындайча боолгойт:

- Аскерлер эмне үчүн Иракка жөнөтүлбөгөнү НАТОнун кошумча аскерине зарурат болуп жаткан Ооганстанга байланыштуу. Сентябрдагы шайлоо алдында Ооганстандагы аскерлердин саны убактылуу көбөйтүлөөрү дүйшөмбү күнү жарыя кылынды. Бирок бул качан болот - белгисиз. Иракка кайрылсак, өлкөгө НАТОнун он миңдеген аскерин кошумча жөнөтүү демилгеси ишке ашпайт.

НАТОнун мүчөлөрү Иракка кошумча аскер жөнөтпөсө, АКШ башындагы коалицияга кирген Япония, Түштүк Корея, Польша жана Болгариянын Ирактагы жоокерлеринин санын көбөйтөөрү күмөндүү.
Азыр Иракта коалициянын 160 миң чамалуу аскери бар. Алардын көбү америкалыктар менен британдар.

Башка бир лондондук талдоочу Дэн Кеохэндин пикиринче, Аллави жетектеген өткөөл өкмөттүн ийгилиги элдин ишенимине жараша болот:

- Утурумдук өкмөт үчүн өлкөнү контролдоодон да, жетекчилик америкалыктарга көз карандысыз экенин элге көрсөтүү жана ирактыктардын ишеничине жетишүү абдан маанилүү.

Ирак тыштан алчу жарадамдын көлөмү азыр белгисиз. Ошондуктан өлкөнү реконструкциялоо АКШ өкмөтү берчү 18 миллиард долларлык жардамга таянып гана жүргүзүлөт көрүнөт. “Нью-Йорк Таймс” гезити жазганга караганда, Америкалык администрация убада кылган 2300 долбоордун 140тайы гана аткарылып жатат.

Марк Жойс пикиринде, Иракты реконструкциялоо эң алды коопсуздукка багыңкы иш:

-Саясаттагы, экономикадагы жана инфраструктураны реконстркциялоо - Ооганстандын мисалы көрсөткөндөй - коопсуздукту камсыздоого толук көз каранды. Ооганстандын саналуу аймактарында чектелүү гана иштер жасалды. Коопсуздук салыштырмалуу сакталган Кабулдын мисалы буга сонун үлгү. НАТО башындагы эл аралык күчтөр жайгашпаган аймактарда ченелүү гана иштер бүткөрүлдү. Иракты реконструкциялоо да ушу сыңары өнүгөт.

Эксперттер, ошондой эле, эгерде Улуттар Уюму Ирактагы саясый-экономикалык жараяндарга кеңири масштабда катыша баштаса, өлкөдөгү жагдай ыкчам оңоло башмак деп ой жорушат.
XS
SM
MD
LG