Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:37

ӨРЧҮГӨН КОРРУПЦИЯ, ЧЕТКЕ БЕРИЛГЕН ЖЕРЛЕР, ЖАНАР МАЙ КЫМБАТТАЙТ


2-июлда жарык көргөн “Агым” басылмасында саясатчы Бегиш Ааматовдун өлкөдөгү саясый абал, коррупция, келаткан шайлоолор, чегара, миграция жөнүндөгү маеги жарыяланды. Ал эми “Аалам” басылмасы өлкөдөгү сот системасынын күңгөй- тескейи тууралуу макалага орун берди.

2-июлда жарык көргөн «Агым» басылмасында журналист Жеңишбек Эдигеев саясатчы Бегиш Ааматов менен маектешкен. «Ажонун колтугунда жүргөн Курманбек Бакиев менен Мисир Ашыркуловду эмнеге эрчийсиңер?» деп Бегиш мырза суроо коюп, өзүн түйшөлткөн ойлорун ортого салат. Президент Аскар Акаевдин кадр саясатындагы каталыктарын, өлкөдөгү өрчүгөн коррупция, коңшу өлкөлөгө берилип кеткен жерлер, чегара маселелери, алдыдагы шайлоолор тууралуу Бегиш Ааматов кеп салат.

«Агым» басылмасында дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгени тууралуу жооптуу катчы Гүласина Каленова мындай дейт:

-Бүгүнкү «Агымдын» жаңы санында журналист Мамат Сабыровдун Жогорку Кеңештин сессиясынан даярдаган репортажы, далай жыл Жапонияда элчи болуп иштеген Ишенбай Абдуразаков кыргыз эли, анын келечеги, үрп-адаты, учурдагы турмушу, ыйман-пейили жөнүндөгү ойлорун «Өзүң ак болбосоң, ак бол деп кимден сурайсың» деген маегинин уландысы, журналист Динара Бейшеналиеванын «Жан-дүйнө» рубрикасындагы ой-толгоолору, «Костюк аке, суу бериң…» деген Зайырбек Ажыматовдун макаласы, учурдагы кесиптик кошуундардын орду тууралуу пикирлер, футбол жана кино жаңылыктары, криминалдык окуялар жана дүйнөлүк кабарларга орун берилди.

2-июлда жарык көргөн «Аалам» басылмасында «Соттордун сары изине кетчү жол кайдан башталат?» деген журналист Элнура Кулуеванын макаласына орун берилди. Мында граждандык жана кылмыш иштерин кароодо соттор тарабынан көп мыйзамдардын одоно бузулуп жатышы талдоого алынат. «Ааламда» «Кыргызстан келечеги» партиясынын төрагасы Балбак Түлөбаевдин маеги жарыяланды. «Бүгүн бекем тартип орнотулбаса, азыркы бийликтегилерди 10 жылдан кийин элдин сурагы күтүп тураары шексиз» дейт Балбак мырза.
Ушул «Аалам» басылмасында дагы кандай макалаларга орун берилгендиги тууралуу басылманын редакторунун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындай деди:

- Баяндамачыбыз Баяс Туралдын өлкөдөгү жаңы паспорт берүүнүн артында кандай максаттар турганы, атуулдук паспорттун маани-маңызы, ушул системанын көйгөйлөрү тууралуу аналитикалык макаласы жарык көрдү. Турсунбек Акундун «Эмки бийликке колу таза адамдар келүүсү зарыл» деген макаласы жарыяланды.

2-июлдагы «Жаңы ордо» басылмасында кандай мазмундагы макалаларга орун берилгени тууралуу «Жаңы ордо» гезитинин редакторунун орун басары Азизбек Чамашев мындай дейт:

- Жайкы каникулга кетээр алдында Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Марат Султанов, Алишер Абдимомунов жана Акылбек Жапаровдор парламентте аткарган иш-аракеттери, шайлоочуларынын наказдарынын аткарылышы жана башка маселелер тууралуу ой бөлүшкөн.

Жума күнү жарык көргөн «Заман Кыргызстан» жумалыгында өлкөдө күйүүчү майдын дагы кымбатташынын себептерин журналист Нургүл Максүтова талдоого алат. Өлкөдө керектелүүчү жанар майдын 4 пайызы гана өндүрүлөт, калганы Орусия менен Казакстанга көз каранды. Дүйнөдөгү жанар майдын кымбатташы Кыргызстанга да таасирин тийгизүүдө» дейт автор.

Ушул жумалыкта жарыяланган макалалар тууралуу редактордун орун басары Абдыкерим Муратов буларды айтып берди:

- Кечээтен бери өлкөнүн атуулдары колдонуп жүргөн СССРдин мурдагы кызыл паспорту жаңы паспорт менен алмаштыруу башталды. 60 миңден ашуун калктагы паспортту дароо алмаштырууга мүмкүн эмес, аны алмаштыруунун мөөнөтүн дагы узартуу тууралуу макала жарык көрдү. Стамбулдагы НАТОнун саммити, ага катышкан президент Аскар Акаевдин сөзү басылманын башкы темасы болду.

2-июлда «Жаңы кылым» аттуу коомдук-саясый, эркин басылманын алгачкы саны жарык көрдү. Жаңы жүзүн ачкан басылманын редактору Марип Тайчабаров мындай дейт:

- Белгилүү саясатчы Нурбол Дос уулунун «Шайлоочу жана депутат» деген жаңы китеби жарык көрдү. Ушул китептин баш сөзүн «Шайлоочуларыма ачык кат» деген бөлүгүн жарыяладык. «Калкыңа күйбөсөң кадыр-баркың курусун!» деген рубрика менен баяндамачы Жолдошбек Токоевдин «Интеллигенция - галстук тагынуу эмес» деген макаласына орун бердик. Өлкөдөгү экономика, коррупция, миграция жана жакырчылык тууралуу материалдардын топтому чыкты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG