Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

ПАРЛАМЕНТ ЖАҢЫ САЛЫК КОДЕКСИН КАБЫЛ АЛМАКЧЫ


Султан Раев, Бишкек Кыргызстан парламенти үсүтүбүздөгү жылдын күз айларында өлкөнүн экономикасынын негизги мыйзамы болгон жаңы Салык кодексин кабыл алмакчы. Азырынча коомчулуктун кеңири талкуусуна коюла элек бул маанилүү документ эл арасында ар кандай кайчы пикирлерди жаратып келет. Жаңы салык кодекси коомдук пикирдин негизги чордонуна айланды.

КМШ курамына кирген өлкөлөр арасынан салык саясатын либерализациялоо боюнча Кыргызстан арткы орундарда калып калгандыгы жаңы экономикалык мамилелерге тескери таасирин тийгизе баштады. Мына ушул орчундуу маселеден улам, деги салык саясатын нарк экономикасынын өтө ийкемдүү механизмине айлантуу максатында өлкөдө салык саясатын реформалоо зарылчылыгы жаралды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан салыштырмалуу түрдө азыркы нарк экономикасынын шартына жооп бере албаган салык саясатын жүргүзүп келет. Салык саясатын реформалоого КМШ курамына кирген Казакстан, Орусия, Украина жана башка өлкөлөр батыл киришип, анын алгачкы жыйынтыктары жаман эмес экендигин турмуш көрсөтүүдө. Бул өлкөлөрдүн салык саясатындагы фискалдык органдарга басым койбостон, тескерисинче, өндүрүштү стимулдаштыруу саясатын көздөйт.

Кыргызстан 1997-1998-жылдары салык саясатында бир кыйла прогессивдүү ыкмаларга өтүп келсе, акыркы жылдар аралыгында салык саясаты өлкөнүн экономикасын артка тарткан көрүнүшкө айланды. Деги эле жаңы салык саясаты, башкача айтканда, жаңы Салык кодекси өлкө экономикасына кандай таасир этет. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Темир Сариев мындай дейт:

- Азыркы салык кодексинин жаңы редакциясы иштелип жатат. Эксперттер биринчи вариантын бүтүп, кээ бир адистерге берди. Бирок мен ойлойм, Салык кодексинин жаңы редакциясы боюнча талаш-тартыштар дагы алдыда. Себеби эсперттик топтордун бүгүнкү берген вариантында тилекке каршы, бүгүнкү шартка, бүгүнкү экономикалык ахыбалга, абалга жараша берилип жаткан суроолорго жооп табылбай жатат. Анткени бул жерде көбүнчө саясий чечим болуш керек, ошонун ичинде салыктардын түрү, алардын базалык ставкалары, салык төлөөчү менен салык алуучунун ортосундагы байланыш, бири-бирине болгон ишенич. Эгерде биз ушул маселелерди чечип алсак, анда жаңы Салык кодексинин рекациясы Кыргызстан үчүн экономиканы астыга кетирүүгө шарт түзүп берет. Эгерде бул маселелер чечилбесе, биз ордубузда дагы эле тура беребиз. Дагы негизги рыноктук шарттардын бири болуп бул рыноктук эмес салыктар болууда. Ал салыктар өзгөчө кырдаал салыгы, жол салыгы, дагы биздин бутубузду бууп аткан бул кошумча салык. Ошолордун базалык ставкалары, патент менен иштеп аткан кээ бир фирмалардын ортосундагы байланыш болуп атат. Сөзсүз түрдө тейлөө, сатуу салыгы болуп атат. Ушулар жөнүндө биз азыр чечим тапсак жаңы салык саясаты бүгүнкү шартка жооп берет.

Жаңы Салык кодексин жеке эле мамлекеттик чиновниктер менен саясатчылар гана кеңири талкууга албастан, карапайым калк да, ишкер чөйрөлөр да кызуу талаш-тартышка алууда. Реалдуу экономикага бул салык реформасы кандай таасир бермекчи, ишкер адамдарын анын кандай практикалык жактары кызыктырат ал тууралуу өз оюн жеке ишкер Абдулла Исмаилов мындай деп бөлүштү:

- Кыргызстанда салык саясатын жогорку деңгээлде реформалоо учуру келип жетти деп ойлойм. Себеби Россия Федерациясында жана башка өлкөлөрдө ушул боюнча көптөгөн реформаларды жүргүзүп, өзүнүн экономикасын өстүрүүдө бир топ чоң таасирин тийгизип атат. Мисалы, Орусияда салыктын баардык түрүн бириктирип, бир эле салыкты жеке ишкерлерге салып койгон. Кыргыз Республикасынын экономикасын көтөргүбүз келсе, чоң өлкөлөрдүн тажрыйбаларын алып, алардыкындай саясатты биз деле жүргүзсөк жеке ишкерлерге бир топ жеңилдик болот эле.

Өлкө ушул жылдын күзүнөн баштап чоң саясий марафонго киришет. Мына ушул саясий окуянын шарданында жаңы Салык кодекси каралмакчы. Экономикалык саясаттын негизги механизми болгон салык реформасы мурдагыдай эле саясий механизмден экономикалык механизмге айланса деп тилейт реалдуу экономика адамдары.
XS
SM
MD
LG