ТАЛАС. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Александр Костюктун Таласка иш сапарына туштап эгин чабуу Манас районунда башталды. Покровка айыл өкмөтүнөн чабылган алгачкы 14 гектар аянттын түшүмдүүлүгү гектарына 22 центнерден айланды. Үчкоргон, Май, Кыргызстан айыл өкмөттөрү да бул ишти баштоо алдында. Манастык дыйкандар 603 гектар аянттагы жаздык, күздүк эгинди 20 жумушчу күндө чаап бүткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин айтышты. Бир эле мезгилде түшүмү жыйналган аянттан экинчи түшүм алууга даярдык башталды, анткени климаттык мындай шарт Манас районунда гана бар. Быйыл Талас облусунда 27 миң 308 гектарга кылкандуу дан эгиндер айдалган. Оруп-жыйноо ишине 286 комбайн даярдалып, бул иш сырттан жардам күтпөй эле бүткөрүлөт дешти облустук айыл чарба департаментинен 2-июль күнү.