Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:03

Баткендиктер чегарадан кыйналды


БАТКЕН. Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн 2-июлда алынган маалыматка караганда, акыркы күндөрдө Өзбекстандын Сох анклавындагы чегарачылардын мыйзамсыз аракеттерине нааразы болгон элдин облус бийлигине арыз-даттануулары көбөйүүдө. Ушундай эле маанидеги арыз-даттануулар Кадамжай районунун Өзбекстанга чектеш аймактарынын жашоочуларынан да түшүүдө. Аталган райондун Халмион, Актурпак, Кыргызкыштак жана Алга айыл өкмөттөрүнүн эли райондун борборуна барыш үчүн Өзбекстандын 12 чегара бекетинен өтүүгө аргасыз.

Кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн 2000-жылдагы эки тараптуу макулдашууларына ылайык бул жолдо үч гана чегара бекети туруш керек. Бирок ушул жылдын март айынан тарта өзбек тарап Халмион тарапта чоң соода борборунун ачылышына шылтоолоп, дагы кошумча 9 чегара бекетин койгон. Учурда облус бийлиги Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилигине кошумча коюлган чегара бекеттерин алып салуу жана өзбек чегарачылар менен бажычылардын мыйзамсыз аракеттерин тез арада токтотуу талабы менен дагы бир жолу кат даярдоодо.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG