Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

"Арнамыстын" өкүлү прокуратурага кайрылды


ЖАЛАЛАБАД. «Арнамыс» партиясынын түштүк бөлүмүнүн координатору Дарман Жоробеков облустук прокуратурага кайрылды. Ал 22-июнда сабалган эле. Анын айтымында, сабалышына шаардык ички иштер кызматчылары күнөөлүү жана жоопту ошолор бериши керек. Мындай пикирди 2-июлда айткан координатор Дарман Жоробековдун маалыматы боюнча, анын соо экенине карабай коомдук жайда алагүү жүрөт деп милиция туура эмес кармаган. Абакта мас адам Жоробековду сабап жатканда милициянын улуу лейтенанты байкоочу катары гана турган. Жалалабад шаардык ички иштер бөлүмү бул окуя боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлады.

Дарман Жоробеков 23-июндан бери облустук оруканада дарыланып жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG