Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

ЕККУ өз долбоорун жакшыртуунун аракетин көрүүдө


БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги борбору Кыргызстандын тартип коргоо органдарына коомчулуктун пикирин билүү максатында сурамжылоо жүргүзгөнү жатат. ЕККУнун борборунан алынган маалыматка караганда, анын максаты - тартип коргоо органдарына элдин ишеними менен үмүтүнүн деңгээлин аныктоо. Сурамжылоо ЕККУнун Кыргызстандын тартип коргоо органдарына колдоо көрсөтүү программасынын алкагында, Бишкектин Бринчи Май районунун аймагында жашаган элдин жана милиционерлердин арасында жашыруун жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгы ЕККУнун аталган долбоорун ишке ашыруу чараларын жакшыртууга колдонулат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG