Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

Президент саламаттык сактоо реформасына ыраазы


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте медициналык кызматкерлердин социалдык мобилизациялоо жылына арналган республикалык жыйыны болду. Ага президент Аскар Акаев катышып, саламаттык сактоо тармагында жүргүзүлгөн реформаны сындагандардын пикири менен макул эмес экендигин билдирди. Андан тышкары медициналык кызматкерлердин айлык маянасын быйыл 30 процентке жогорулатууга көрсөтмө бергендигин жарыя кылды. Жыйында президент мындан ары энелер менен балдардын өлүмүн кыскартуу, аз кандуулукту азайтуу, малдан жукчу оорулардын алдын-алуу жана йоддун жетишсиздигин жоюу милдетин алдыга койду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG