Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:21

Өзбекстандын демилгесин Кызыл чырым уюму кубаттайт


БИШКЕК. Эл аралык Кызыл чырым уюму өзбек өкмөтүнүн Кыргызстан жана Тажикстан менен чегарасын минадан тазалоо тууралуу чечимин кубаттайт. Бул тууралуу уюмдун Борбор Азия боюнча регионалдык бөлүмүнөн бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда Кызыл чырым коому жөө аскерлерге каршы колдонулчу минага тыюу салуу боюнча Оттава конвенциясына Өзбекстандын кошулушуна жардам берүүгө даярдыгын билдирген.

Өзбекстан 1999-жылдагы Баткен окуясынан кийин Сох районунун айланасына мина койгон. Ага кыргыз атуулдары жарылып, айрымдары каза таап, кээ бирлери жабыр тартууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG