Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:20

АКШнын Монтана штатынын делегациясы Бишкекте


БИШКЕК. Бүгүн АКШнын Монтана штатынын делегациясынын Кыргызстандагы сапары башталды. Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, делегацияны Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын башчысы, генерал–майор Жим Прендергаст жана штаттын губернаторунун атайын өкүлү Чак Батлер жетектеп келди. Беш күнгө созула турган сапар учурунда делегация президент Аскар Акаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Улуттук гвардиянын башчысы Абдыгул Чотбаев жана туризм, спорт боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков менен жолугушуп, Кыргызстан менен Монатана штатынын ортосундагы кызматташууну талкуулашат.

Андан тышкары Кыргызстан-Монтана биргелешкен комитетинин жыйынына катышат. Аталган штат менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу 1996-жылы башталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG