Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:37

«Рентон групп» боюнча палата токтому аткарылган эмес


БИШКЕК. 2-июлда Мыйзам чыгаруу жыйынынын экономикалык саясат жана ишкерлик комитети палатанын «Рентон групп» компаниясы боюнча токтомунун аткарылышын талкуулады. Ага президент жардыгы менен бул маселени иликтөө максатында түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү катышты. Бирок комиссия төрагасы вице премьер-министр Уларбек Матеев келген жок. Маселени кароонун жүрүшүндө «Рентон группка» тиешелүү ишканалар иштеп, пайда алып келип жатканы, бирок аманатчылардын акчасын кайтаруу жаатында эч кандай аракеттер жасалбай жатканы ачык болду. Ар тармактан комиссияга мүчө болуп кирген жогорку даражалуу кызматкерлер комитет жыйынында алгылыктуу маалымат бере алышкан жок.

Натыйжада комитет палатанын «Рентон групп» боюнча токтому аткарылбай жатканын белгилеп, маселени күзгү сессияга алып чыгуу тууралуу токтом кабыл алды.

XS
SM
MD
LG