Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Өкмөт монополист ишканага көзөмөл кыла баштады


БИШКЕК. Канттагы цемент-шифер заводунун продукциясын мындан ары облустук администрациялар менен Бишкек жана Ош шаарларында түзүлгөн муниципиалдык атайын соода уюмдары элге сата баштайт. Ага негиз берген токтом кабыл алынгандыгын бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Ал маалыматка караганда, соода уюмдары элдин 2005-жылдагы цемент менен шиферге муктаждыгын аныктап, колунда жоктор менен табигый кырсыктан жапа чеккендердин толук камсыз болуусуна кам көрөт.

Андан тышкары алар товарды түз алуу боюнча завод менен келишим түзөт. Токтомдун негизинде Экономиканы өнүктүрүү министрлигинин алдындагы монополияга каршы саясат департаменти Кант цемент-шифер заводунун продукциясынын туруктуу баасын бекитип, облустук муниципалдык соода уюмдары сатып жаткан шифердин баасын көзөмөлдөп турууга милдеттендирилди. Ошондой эле Кант цемент-шифер заводунун рентабелдүүлүгү бир айдын ичинде иликтенип чыкмак болду. Өкмөт мындай токтомду парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын сунушу менен кабыл алды.

XS
SM
MD
LG