Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:31

ЭЛДИН БАНКТАРГА ИШЕНИМИ АЗ


Ушу тапта Кыргызстанда 21 коммерциялык банк иштейт. Алардын экөө чет эл банкы. 1998-жылдагы кризис Кыргызстандын банк системасы тышкы таасирге каршылык көрсөтө албаганын айгинелеген. Миңдеген аманатчылар банкрот болгон банктардан сактаган акчасын алалбай келишет. Элдин банктарга ишенимин кайтаруу маселелерин талкуулаган эларалык конференция аптанын аягында ишин жыйынтыктады.

Чет элдик эксперттердин, канатташ Казакстан, КМШ өлкөлөрүнөн чогулган банкчылар эки күн бою системанын ишин жакшыртуу, аны көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугуна жетишүү, элдин ишенимин кайтаруу маселелерин кызуу талкуулашты. Европа өнүгүү жана реконструкция банкы жана Швейцариялык экономика комитетинин көмөгү менен өткөрүлгөн иш-чаранын мазмунун Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Улан Сарбанов мындайча чечмеледи:

- Максат Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинде, Борбор жана Чыгыш Европада банк секторунда жүрүп аткан реформалар тууралуу пикир алышуу, банктарга ишенимди жогорулатыштын перспективалуу багыттарын аныктап чыгуу болчу.

Эларалык жыйында банк системасы туруктуу иштешине жетишүүнүн негиздери талкууга алынды. Бул үчүн эки негизги шарттын – макроэкономикалык туруктуу өнүгүш менен бекем укуктук негиздин болушу керектиги баса белгиленди. Коммерциялык банктардын ишин көзөмөлдөө, депозиттерди бекем сактоонун мыйзамдык негизин түзүү, иши жүрүшпөй калган банктарды жоюунун жол-жобосу сындуу олуттуу маселелер жайында кеп болду.

Жыйынды өткөрүүнүн ыгым-чыгымын өзүнө алган Европа өнүгүү жана реконструкция банкы Кыргызстандын каржы секторуна, айрыкча, кичи каржылоо, коммерциялык банктардын ишине өнөктөш катары катышып келатат. Кызматташуунун алдагыдай ыкмасын Европа банкынын өкүлү Курт Гейгер эң натыйжалуу деп эсептейт:

- Жалпысынан өлкөнүн экономикалык жагдайы жакшырууда. Муну банктарга карата талаптын өсүшүнөн деле көрсө болот. Биз үч банкка инвестиция салганбыз. Ошондой эле чакан жана кичи ишканаларга, соода тармагына кредит беребиз. Биздин кредит баштыгыбыз чоңоюп баратканын, программаларга кызыгуу артып атканын байкап атабыз. Бул дурус жышаан. Биз ошондой эле Кыргызстанга Казакстан банктары кирип атканын, бул жерден киреше табуу аракетин жасап жатышканын көрүп турабыз. Ошол эле мезгилде мен өлкөлөрдүн бирин жакшы, экинчисин жаман деп салыштыруудан алысмын. Банк системасында Казакстандын кадыры бийик.

Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов жаңылануу, жаңычылыкка умтулуу ар бир уюмдун иш багытына айланышы керек деген пикирде:

- Биздин реформаларды коом башында олуттуу жаңылануу деп кабыл алган жок. Ички мүмкүнчүлүктү пайдаланып бүттүк. Ошондон биз кескин жаңыланууга өттүк. Бул иш жогорто отурган башкаруучулардан башталды. 9 кишиден 7 гана калды. Мурунку курамдан бешөө чыгарылды, катарыбызга үч жаңы киши келди. Эмки ишибиз кыйла жандуу болот деген ойдобуз.

«Ак банк» коммерциялык банкынын жетекчиси Бейшенбек Ишенов элдин ишеними эгемендиктин алгачкы жылдарында жоголгонун айтты:

- Элдин да, мамлекеттин да акча каражаттары банк аркылуу өтөт. Алгачкы он жыл ичинде биртоп банктар банкроттукка кабылып, ага элдин ишеними жоголгон. Азыркы учурда кишилер арасында банкка болгон ишенич кичине көтөрүлдү деп айтсам мен жаңылбас элем.

Европа өнүгүү жана реконструкция банкынын өкүлү Курт Гейгер Кыргызстандагы кичинекей банктар өз ыктыяры менен биригишип, капиталын арбытышы керек деген пикирде. Ансыз, каржылык мүмкүнчүлүгү чектелүү банктын иштеши кыйын. Европа өнүгүү банкы антип биргелешип иш жүргүзүшкө макул болгондорго чоң колдоо көрсөтүшкө даяр экенин маалым кылды.
XS
SM
MD
LG