Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:53

КЫРГЫЗСТАНДЫК КҮЙӨРМАНДАР ЕВРОПА ЧЕМПИОНАТЫ ТУУРАЛУУ


Футбол боюнча Европа чемпионаты аяктаарына саналуу гана күн калды. Кыргызстандык футбол күйөрмандары жарым финалдык беттешүүлөрдү көрүп, Европа чемпионатынын оюндары тууралуу түрдүү пикирлерди айтышууда.

Кыргызстандык футбол күйөрмандары да Португалияда болуп жаткан Европа чемпионатына көңүл буруп, оюндар тууралуу түрдүү пикирлерди айтышууда. Европадагы эң күчтүү делген Франция, Италия, Испания, Англия жана Германиянын тандалма командалары финалдык топко кирбей калды. Биринчи жолу Европа чемпионатында Греция финалга чыкты.

Кыргызстандык күйөрмандардын жоон тобу дүйнөнүн экс-чемпиону, Европа чемпиону Франция чемпиондук наамын сактап калат деп ойлошкон, айрымдары өз тобунан суурулуп чыккан Голландия же Чехия чемпион болооруна ишенишкен. Айрыкча, Англиянын чабуулчусу, 18 жаштагы Рунинин кадыр-баркы өскөн эле. Ошондой эле, португалдык Роналду, чехиялык Недвед, Барош, Коллер жана грециялык Харистеас да мыкты оюнчу экендигин айгинелеп жатат. Эмесе, кыргызстандык күйөрмандардын пикирлерине назар салыңыздар.

Таалай:

- Мен негизинен Португалиянын командасын сүрөөнгө алып жатам. Себеби алар ар бир оюнда чебердигин артырып, улам күчтүү оюн көрсөтүүдө. Англия, Германия, Испания өзүнүн потенциалын түгөтүп бүттү. Биз дагы Кыргызстандын футболунун келечеги тууралуу азыртан ойлонушубуз керек.

Орозбек Ниязбеков:

- Футбол көрөбүз деп түн уйкудан кечип, көгүлтүр экранды карап олтурабыз. Таңкы саат 5ке чейин футбол көрүүгө куштарбыз. Сүрөөнгө алган командабыз жеңип алса 2-3 саат уктаганга кайыл болуп, ошол күнү жумушта да жакшы маанай менен жүрөбүз. Мен чехтердин оюнуна ыраазымын. Алардын утулганына ичим ачышты. Билинбей жүрүп Греция финалга чыкты. Эми аларга кыйын болот го…

Европанын чемпионаты тууралуу Юрий Браттын пикири:

- Мен чемпионат башталганда эле гректерди сүрөөнгө алгам. Алардын чеберчилигинин өскөнү баарыбызды таңгалтырды. Чехтер да мыкты ойноду. Алар кокусунан гана жеңилип калды. Мен финалда Чехия менен Португалия ойнойт го деп ойлогом. Эми болсо Грецияга күйөрман болом да.

Сагын Жуматаев, Нарындык күйөрман:

- Чыныгы таймашуулар эми башталды. Алдыңкы топко кирген Франция, Греция, Дания, Чехия, Швеция жана Англиянын катарынан жаңы чемпионду издеген элек. Тилекке каршы, үмүт акталбады, төртүнчү топтогу - «пивочулардын» тобу аталган Чехия, Голландия, Германия жана Латвиядан Чехия эки оюндан кийин эле чейрек финалга жолдомо алып, Данияны 3:0 эсебинде жеңип алышты. Эми жарым финалда Чехия менен Греция ойноп, чехтер болбогон жерден, байкоосуздан гана утулуп калышты. Финалдык таймашууда Греция Португалияны дагы 2:1 эсебинде биринчи оюндагыдай утуп алса деп гректерге күйөрман болуп турам. Греция сенсация жаратышы мүмкүн.

Атай: -Менин футбол менен ишим жок. Кызыкпайм. Европа биринчилигин көргөнүм жок.

Азат: -Менин оюмча Португалия бир келген шансты, учурду колдон чыгарбаганга аракет кылат.

Нурбек: ( футбол күйөрманы) -Мен Португалиянын футболчуларын сүрөп жатам. Алардын чемпион болооруна ишенем, себеби алар оюндун кожоюну да. Кожоюн сөзсүз утушу керек.

Ошентип, Чехияны кошумча убакытта 1:0 эсебинде уткан гректер финалдык таймашууга укук алышты. Муну футбол адистери өзүнчө сенсация катары баалашууда. Анткени алар ушул убакка чейин Европа чемпионаттарында группадан чыкмак тургай, бир да жолу ута элек болчу. Греция быйылкы чемпиондукка талапкер делген Испанияны, Францияны жана Чехияны жеңип алды.

Ал эми Португалиянын финалга чыгышы мыйзам ченемдүү дешет, футбол адистери. Чынында алар Голландияга караганда жакшы ойношту. Өзгөчө экинчи таймдагы Манишенин таамай тепкен тобу чемпионаттын эң кооз голу десек болчудай. Ошондой эле эсепти ачкан 18 жаштагы Криштиану Роналду адистердин көңүлүн бурду. Португалдар өз жеринде ойногондуктан күйөрмандардын колдоосуна ээ болушту. Голландия ушуну менен бешинчи жолу жарым финалда ойноду. Ушуну менен төртүнчү ирет утулду. Ал эми Португалия мындан мурда эки жолу жарым финалга чыгып, экөөндө тең Францияга кошумча убакытта утулган.

Эми 4-июлда финалдык беттешүү. Европа чемпионатын өткөрүп жаткан Португалия менен Грециянын футболчулары баш байге үчүн күч сынашат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG