Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

АКШ ОРУСИЯНЫН ЧЕЧЕНСТАНДАГЫ САЯСАТЫН КОЛДОЙ БАШТАДЫБЫ?


Азиза Турдуева, Прага Ушул жылдын май айында АКШнын соту 1999-жылы Чеченстанга Орусиянын аскерлери киргизилгенге чейин тышкы иштер министри болуп иштеген Ильяс Ахмадовго саясий башпаанек берген. Бирок 2001-жылдын 11-сентябрынан кийин жаңы түзүлгөн министрлик - АКШнын ички коопсуздук департаменти бул маселени кайрадан козгоду. Өз кезегинде Ахмадов чечен чыр-чатагын тынчтык жол менен жөнгө салуу үчүн күч-аракет жумшаганына карабастан, АКШнын ички коопсуздук департаменти аны террорист деп атоодо.

Ильяс Ахмадовдун АКШда көптөгөн тарапкерлери бар. Алардын ичинде Конгресстин өкүлдөрү жана мурдагы мамлекеттик катчылар. Бирок Жорж Буштун администрациясы Ахмадовдун мурдагы чечен оппозициясынын өкүлү жана террорист катары АКШдан кетишин талап кылууда.

Ички коопсуздук боюнча департаменти АКШнын сотуна Ахмадовго саясий башпаанек берүү жөнүндөгү чечимин кайрадан каралышын сураган өтүнүчүн жолдоду. Мындай кайрылуу Вашингтондун кыйыр түрдө Орусиянын Чеченстандагы аскерий өнөктүгүн колдоорун түшүндүрөт. Орусиянын президенти Владимир Путин көп жылдар бою Аслан Масхадовдун жикчил өкмөтүн нагыз террорчу уюм катары мүнөздөп келет. Адистердин айтымында, Буштун администрациясы эми Маскөөнүн мындай баасын колдогондой болуп жаткансыйт. Колдоонун мындай белгиси айрымдарды аң-таң калтырышы мүмкүн.

Кантсе да, Орусиянын президенти Путин Буштун Ирактагы согушун колдоодон баш тарткандыгына дүйнөлүк коомчулук күбө болбодубу.

“Вашингтон пост” гезитинин саясий аналитиги Энн Эплбаум да, Буштун администрациясынын Ахмадовду өлкөдөн чыгаруу жөнүндөгү чечими түшүнүксүз болуп жатат дейт. Ал белгилегендей, АКШнын Ахмадовду террорчу деп аташынын үч себеби болушу мүмкүн. Биринчиси, Буштун администрациясында Ахмадовду террорчулардан ажырата алган кишилердин болбошу. Бирок мындай болушу эч мүмкүн эмес. Экинчиден,- дейт ал, -мындай чечим АКШ менен Орусиянын ортосундагы төмөнкү деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы болушу да мүмкүн. Бул себеп аз-маз чындыкка коошор эле. Ал эми Буштун администрациясынын мындай кадамга барышынын үчүнчү жана олуттуураак түшүндүрмөсү төмөндөй дейт Эплбаум:

- Ак үй же ички коопсуздук департаменти Путинге жагымдуу ишара кылуу үчүн Ахмадовду өлкөдөн чыгаруу боюнча аракет жасап жатканын көрсөткүсү келет. Алар Путиндин сыпаттоосу менен макул экендиктерин жана өздөрү Ахмадовду террорчу деп эсептешээрин көрсөтүүнү уланта беришмекчи. Анткени, Путин алардын ушундай аракеттерди жасашын каалап жатат.

Анын пикиринде, Орусиянын маалымат каражаттары АКШнын ички коопсуздук департаментинин Ахмадовго байланыштуу аракеттерин Путиндин Чеченстандагы саясатын колдоо катары мүнөздөй баштаары ыктымал. Эпплбаум белгилегендей, бул кыязы, Вашингтондун Чеченстандын жикчил өкмөтүн мыйзамсыз катары карай баштагандыгын, Вашингтон чечен чыр-чатагынан дээрлик алыстап калгандыгын айгинелейт.

Айрым аналитиктер эмне себептен Буштун администрациясы АКШнын башчылыгындагы коалициялык күчтөрдүн Ирактагы аскердик операциясын колдобой койгондугуна карабастан, буга чейин Буштун достук мамилелерди түзүү боюнча сунуштарын четке кагып келген Путинди мынчалык колдой баштады деген суроого жооп издешүүдө.

Вашингтондогу Като институтунун аналитиги Чарлз Пэна бул суроого жооп өтө жөнөкөй - "Кансыз согуштагыдай" өзөктүк бомбалар боюнча жарышуу маселесине байланыштуу дейт:

- Орусия дагы деле чоң өзөктүк стратегиялык арсеналга ээ. Эки тараптын тең өзөктүк арсеналдарын кыскартуу боюнча кызматташып жатабыз. Албетте, мындай жараяндардын үзгүлтүккө учурашы АКШнын кызыкчылыгында эмес. АКШ ошондой эле постсоветтик мезгилде жасалган аракеттерден кийин Орусиянын саясатында милитаристтик элементтердин пайда болушуна да кызыкдар эмес.

Чарлз Пэна ошондой эле Орусия президенти өлкөнүн экономикасын күчтөнтүүгө жана Батыш менен мамилелерин жакшыртууга салым кошо алды деген пикирде. Дал ушул глобалдык тең салмактуулукту түзүү аракеттери Ильяс Ахмадовдун жана чечендердин жикчил кыймылынын тагдырына күтүлбөгөн бурулушту таңуулоодо.
XS
SM
MD
LG