Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

ТОЛЕРАНТТУУЛУК ФОРУМУ ӨТТҮ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Аймактардагы проблемаларды изилдөө институту Жалалабадда «Кыргызстандагы толеранттуулук» деген темада форум өткөрдү. Анда ислам дини, экстремизмдин алдын алуу жана мусулмандар менен диникайырлардын мамилеси өңдүү олуттуу маселелер талкууланды. Улуттук азчылыктардын проблемалары да көтөрүлдү.

Жыйында мусулман дин ишмерлери жаштардын бөлөк динге өтүп жатканын сындашты. Турмуштагы адилетсиздик менен саясаттын өксүк жактары Сузак районунан Абдракман Жолчиев өңдүү жаштарды «Хизб ут-Тахрирдей» саясий жана башка христиандык уюмдарга өтүүсүнө себепкер болууда:

- Мен «Хизб ут-Тахрир» партиясына 2001-жылы киргем. Ага өтүүдөгү максатым - бүгүнкү жана келечек муундарды мамлекет башчыбыз мактаган Кыргызстандагы кыргыздарды жаман адаттардан сактап, жакшы нерселерге баштоо болуп саналат - деди Абдракман Жолчиев.

Форумда диний экстремизди кантип алдын алуу керек деген темада баяндама жасаган облбийликтин өкүлү Садырбек Качкынбаевдин ою боюнча жетиштүү шарттар түзүлсө да, исламдын мыкты сапаттарын түшүндүрүүнүн начардыгынан жаштар жеңил жакка ооп кетүүдө. Өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, үй-бүлөлүк жана жеке таарыныч, максаттуу идеологиялык-атуулдук тарбиянын тайкылыгы ал жүйөөлөргө кошумча:

- Коомдогу адилетсиздик, тиешелүү маселени чечкен кезде калыс мамиленин болбой калуусунан улам бардык күнөө бийлик органдарына шылтанып калат.

Облбийликтин дин иштери боюнча кеңешчиси Садырбек Качкынбаевдин маалыматына ылайык областтагы 130 мусулман адам динин өзгөрткөн. Христиан уюмдарынын өкүлдөрү окууларына миңден ашык адам катышаарын билдиришкен. БУУнун Түштүк Кыргызстандагы чыр-чатактардын алдын алуу долбоорунун адиси Чынара Урустемованын көз карашында, айыптын баарын эле жаштарга жүктөй берүү туура эмес. Мыкты ой-идеялар коомчулукка жетпей, айтылган жерде калат. Жумушсуздуктан, турмуштун оордугунан жаштар «Хизб ут-Тахрир» же башка диний уюмдардын окуу-оюндарына азгырылууда:

- Диний жыйын-окууларда бир жолу кийим-кече, тамак-аш беришет экен. Адабияттарын акысыз таркатышат. Ачка студенттер аргасыз барышат да, тамактанышып, оюн-шоогун көрүп, жакшы сөздөрүн угуп, жеңилдей түшкөндүктөн кызыгып кетишет.
XS
SM
MD
LG