Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

САДДАМ ХУСЕЙНДИН ЖӨКӨРЛӨРҮ СОТТО ЖҮҮНҮ БОШ ТУРУШТУ


Ирактын убактылуу өкмөтү түзгөн атайын трибуналдын башчысы Салим Чалабинин айтымында, адамзатка каршы кылмыштары жана согуш кылмыштары үчүн айыпталып жаткан өлкөнүн мурдагы президенти Саддам Хусейндин жана анын жөкөрлөрүнүн үстүнөн дүргүзүлчү сот адилет жана калыс болмокчу. Сотко кыр көрсөтүп, аны тааныбай турганын кесе айткан Саддамдан айырмаланып, алгачкы жолу сот салына келтирилген анын жөкөрлөрү өздөрүн көлөкөдө тутууга аракеттеништи.

АКШ аскерлери тарабынан Багдаддын жаңы бийлигине өткөрүлүп берилген Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейн жана анын он бир жөкөрү бейшембиде, июлдун 1инде алгачкы жолу сот залына алынып келинди. Аларга эң жогорку жаза чегериле турган бир катар айып тагылды.

Саддамдын бул он бир жөкөрүнүн арасында мурдагы вице-премьер Тарык Азиз жана химиялык курал-жарактарды өлкөнүн күрт калайыгына каршы колдонуу окуясына катышы бар делген Али Хасан ал-Мажид мырзалар да бар.

Тарык Азиздин айтымында, ал мурдагы өлкө жетекчилеринен болчу, бирок өз колу менен эч кимди өлтүргөн эмес. Демек, жетекчиликке мүчө болуунун өзү эле киши өлтүргөнгө тете дегендик эмес, деп белгилөө менен, Тарык Азиз өзүн күнөөсүз санаарын айтты.

Ал эми 1988-жылы түндүктөгү Халабжа шаарында жашаган күрттөргө каршы газ чабуулун жасоого буйрук берген деп шектелген Али Хасан ал-Мажидди калайык “химиячы Али” деп коюшат. Ал 1991-жылы шийилерге каршы кыргын уюштурууга да катышы бар деп айыпталып келет. Бул мырза диабет оорусунун айынан сотко таякчан келди. Анын айтымында, бул сыяктуу доолорду угуу үчүн ал өзүн бактылуу сезе алат, анткени ал өзүн мындай кылмыштарды жасады деп эсептебейт.

Күбөлөрдүн айтымында, Саддамдын жөкөрлөрү сотто өздөрүн көздөн далдаа, жоош кармоого далаалат кылып жатышты. Алардын тескерисинче, Саддам Хусейн сот төрагасына жана мүчөлөрүнө кыр көрсөтө сүйлөдү. Маселен, ал өзүнүн 1990-жылдагы Кувейтке кол салуу аракетин актап, Кувейтти Ирактын бир бөлүгү деп баалады. Анын оюнча, 1990-жылы Иракты башкарган жетекчилерге сурак кылууга азыркы ирактык жетекчиликтин акысы жок:

- Мага тагылган айыптын жетинчисинде мындай делет: Саддам Хусейн Ирак жумуриятынын президенти жана куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы болчу жана анын аскерлери Кувейтке кол салган. Демек, бул кол салуу – расмий жол менен жүзөгө ашырылган (иш-чара) дегенди аңдатат.

Саддамдын айтымында, мындай расмий кызмат ээсине расмий деңгээлде айып тагылып жаткан соң, бул адамга баш мыйзамда кепилдик кылынган мамиле да жасалууга тийиш эле.

Саддам жана анын жөкөрлөрү эми бекем кайтаруудагы абактарда кармалмакчы. Алардын үстүнөн жүргүзүлө турган сот өз ишин анык баштоосу үчүн эми узак мөөнөттүк тергөө иштери талап кылынат.

Деги, бул соттун жыйынтыгы кандай болушу ыктымал?

Ирактын убактылуу өкмөтүнүн тышкы иштер министринин орун басары Хамид Байатинин айтымында, Саддамдан запкы жеген нечендеген ирактыктар анын өлүм жазасына тартылышын каалашат:

- Менимче, алар өлүм жазасына гана канааттанаар эле, андан төмөнкүгө алар макул болбос эле.

Европа Биримдигине мүчө бир катар таасирдүү өлкөлөрдүн өкмөттөрү болсо Саддамга жана анын жөкөрлөрүнө өлүм жазасын жарыялоого каршы болоору анык, анткени алар өз өлкөлөрүндө жазанын мындай түрүн жоюн салышкан.

Ирактын Саддамды жана жөкөрлөрүн соттоочу атайын трибуналы АКШ тарабынан каржыланууда. Трибуналга ар жылы берилчү 75 миллион доллардык каражаттын дээрлик жарымдайы коопсуздук чаралары үчүн, анын ичинде айыпталуучуларды, сот мүчөлөрүн, прокурорлорду жана алардын жакындарын кайтарууга сарпталмакчы. Айыпталуучулардын запкысын көргөн айрым кишилердин алардын өмүрүнө катылышынын ыктымалдыгы да жаңы бийлик тарабынан эске алынууда.

XS
SM
MD
LG