Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

КЫРГЫЗ ПАСПОРТУНУН КЫЗЫГЫ АЛДЫДАБЫ?


Кожогелди Култегин, Ош Улуу Британиядан чыгарып келишкен кыргыздын биринчи улуттук паспортунун 10 жыл өмүр сүрө албай, алмашып жатышы, эң оболу анын эл аралык үлгүгө туура келбегендиги, сапатынын начардыгында дешет адистер.

Ошол паспорт элге жетип бүтө электе эле түгөндү. Канчасы чет өлкөлүктөргө сатылды, канчасы эмгек мигранттары жүргөн Казакстан менен Орусияда жоголду. Паспортко муктаждар өтө арбын болгондуктан жана жаңы үлгүдөгү паспорт кечиккендиктен Кыргызстанда инсан күбөлүгү деген утурумдук документ чыгарылды. Ал тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын паспорт-виза бөлүмүнүн начальниги Шерали Абиев мындай дейт:

-Азыр 11-классты бүткөндөргө, паспортторун жоготуп алгандарга, Союз убагындагы паспортторду алмаштыра албай калгандарга алты айлык мөөнөт менен инсандык күбөлүк берип атабыз. Бул күбөлүк Кыргызстандын аймагында бардык жерде жарайт. Бирок банктык операцияларга жарабайт.

Инсан күбөлүгү мектеп бүтүрүчүүлөрү жогорку окуу жайларга тапшыра турган кезде зорго чыгарылды. Бирок аны алуу татаал болгондуктан так ошол бүтүрүүчүлөр айрыкча кыйналышууда. Буга байланыштуу Карасуу районундагы Отузадыр аймактык паспорт столунун начальниги Айнагүл Шералиеванын сөзүн угалы:

- Мурда бир форма толтурулса, азыр экиден толтурулуп атат. Арыздын бир көчүрмөсү Бишкектеги госагенстводо топтолот экен, компьютердик системага өткөндүгүнө байланыштуу ар бир атуул жөнүндө так маалымат керек. Ошон үчүн азыр дагы бирден документ чогултуп келебиз деп биз кайра кайтарып атабыз.

Утурумдук паспорттун милдетин аткаруучу инсан күбөлүгү жогоруда белгиленгендей Кыргызстандын чегинде гана жарактуу. Ал эми жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларында окууну каалаган талапкерлер сыртка чыга албай айласы куруп турган кез. Бул тууралуу Шерали Абиев минтет:

- Сыртка чыга турганга жарактуу кагаз чыгарганбыз. Агентство кандай себептер менен берери белгисиз. Азыр биз да кыйналып турабыз.

Ал эми Молдовадан чыгарылып келчү жаңы үлгүдөгү кыргыз паспортунун жалпы элге жеткирилиш тартиби да кыйла татаал. Сөз кайрадан Ош шаардык ички иштер башкамасынын паспорт-виза бөлүмүнүн начальниги Шерали Абиевде:

- Биз жер-жердеги паспорттук столдор инструкция үчүн керектүү документтерди топтойбуз. Курьер кызматы алып кетет документти. Ошол паспорт Бишкекте жасалып, маалымат банкына киргизилип, кайра паспорт келет да, биз аны элге таратабыз. Быйылкы жылы Бишкектен гана берилет.

Кеп учугун Карасуу районундагы Отузадыр аймактык паспорт столунун начальниги Айнагүл Шералиева мындайча улады:

- Түштүк Кыргызстанда эл көп, паспорт аябай керек болот. Паспорт келсе эле Орусияга, Казакстанга ишке чыгып кетебиз дегендер көп. Ал эми анын жазылуу мөөнөтү бир ай болот экен. Кээ бир адамдарга жеңилдик берилет, акча төлөсө деп атат. Лаборатория Бишкек шаарында болгондуктан курьердик машина алып барып алып келет, бул кыйынчылыктарды түзөт.

Быйыл бир гана Бишкектен паспорт жазылып таратылса, негизги кыйынчылык түштүк элинде болоорун жазуучу Жээнбек Каримов да баса белгилеп айтты:

- Түштүктүн эли республиканын жарымын түзөт, Бишкектен паспорт алуу кыйын. Азыркы заманда ар бир убакыт акча болуп атканда, бул көп убакытты алат, элдин колун байлайт.

XS
SM
MD
LG