Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:18

УЛУТТУК БАНК ЖАҢЫ ПРОГРАММАСЫН ЖАРЫЯЛАДЫ


Улуттук банк жакынкы жылдарга өнүгүш программасын кабыл алды. 1999-жылы банк секторунун өнүгүү концепциясы иштелип чыккан. Ага улай 2002-жылы системаны реформалоо стратегиясы жарыяланган. Жаңы программада Улуттук банктын алдыдагы эки жылда аткарылчу иштери аныкталган. Анда белгиленген иш-чарага ылайык банктарга элдин ишенимин кайтаруу маселелерин талкуулаган эларалык конференция өттү. Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановду ушул маселелер тууралуу кепке тарттык.

- Программа элге түшүнүктүү үч тилде кыргыз, орус, англис тилдеринде жазылды. Бизге көзөмөл коюп, ишти тескеп туруш үчүн аны сиздерге таратып беришке даярбыз. Мында жазылгандардын баарын ишке ашыра албайбыз, бирок да он иштин жетөөсүнүн үдөөсүнө чыга алсак чоң иш жасайбыз,- дейт Улан Сарбанов.

- Улан мырза, өлкөдөгү банк системасынын жакынкы жылдары аткарыла турган иш багытын аныктаган программаны жарыя кылдыңыздар. Ал оболу кыргыз тилинде даярдалды, деп атасыз. Кыргызча туюнтмаларды, түшүнүк, терминдерди табуу жагынан кыйналган жоксуздарбы?

- Бул өзү татаал суроо. Улуттук банкта терминология боюнча комиссия иштейт. Биз орус тилинде жок айрым терминдерди англисчесинен түз эле таржымалоо аракетин жасадык. Иштин кемчилиги жөнүндө айткан кишилердин пикирлерин эсепке алабыз. Сиз да айтыңыз. Бу комиссия бизде үч жылдан бери иштеп келатат.

- «Капитал» жабык акционердик коомунун иш-аракетин иликтеген комиссиянын жыйынтыгын айта аласызбы? «Кыргызстан» жана «Кыргызөнөржай курулуш» коммерциялык банктарынын акцияларынын сатылышына байланыштуу иш боюнча.

- Билерсиз, мен комиссиянын мүчөсү эмесмин. Билгеним, бул маселе ушул жылдын апрелинде каралган. Башкы прокуратурага ошондо эле бир айдын ичинде маселени иликтеп жооп берүү жагы тапшырылган. Тилекке каршы, мен ал тууралуу айта албайм. Депутаттардан, Башкы прокуратурадан сурап көрбөйсүзбү. Биз тийиштүү материалдарды бергенбиз. Кийин кайрылышкан деле жок.

- Банктарга элдин ишенимин кайтаруу маселелерин талкуулаган эларалык конференция өткөрдүңүздөр. Анда айтылган пикир, сунуштар жалпы элге жарыя кылынабы? Кантсе да абыдан олуттуу маселе талкууга алынбадыбы.

- Билесиз, Борбордук банктын ыгым-чыгымдары кайда жумшалары бекем көзөмөлдөнөт. Конференция материалын толук жарыялаганга шартыбыз жок. Бирок кызыккандарга бир нускасын жөнөтөбүз. Анан да конференциянын материалы Улуттук банктын веб-сайтына жайгаштырылат. Азырынча материал орус жана англис тилдеринде гана. Биз бул маселеге коомчулуктун көңүлүн бургубуз келет. Адамдар биздин ишибизге баа беришин каалайбыз. Эгер туура айтылган сын болсо андан жыйынтык чыгаруу аракетин жасайбыз. Сын - кемчиликти оңдоого жардам берет. Баарынан жаманы, кайдыгерлик, мындан эчтеке чыкпайт деп кол шилтеп таштап салган жаман.

Менин оюмча, биз азыр кызыктуу этапты баштан кечирүүдөбүз. Ал үч багыттан турат. Биринчиси, кантип депозитерди сактоо системин түзүүгө байланыштуу. Мунун үстүндө иштөө керек. Экинчиси, коммерциялык банктардын корпоративдик маданиятын кантип көтөрө алабыз, ушуну ойлоп жатабыз. Үчүнчүсү, коммерциялык банктар кантип чет элдик банктар менен атаандаша алат?


- Сиз ай сайын журналисттер алдына чыгып Улуттук банктын иши тууралуу маалымат берем деп убада кылдыңыз эле. Кийинки убакта Улуттук банкта кандай олуттуу өзгөрүүлөр болду?

- Бу сурооңузду эмдиги жумада берсеңиз жакшы болор эле. Чынында эле ай башында журналисттер алдына чыгып, болгон ишти айтып туруу убадасын бергем. Көрүп атасыз, бул ирет чоң жыйын болуп колум бошободу. Эми болсо парламентте Улуттук банктын жылдык отчету талкууланат. Ошондон жыл бою иштеген иштерибиз тууралуу отчетко чейин айтканым ыңгайсыз болор. Депутаттар биздин ишти кантип талкууга алганын уксаңыз болот. Буюрса, кийинки аптанын аягында банктын иши тууралуу маалымат жыйынын өткөрсөкпү деп турабыз. Сиздерге берген убадамы аткарам. Банк системинде, төлөө жагында, Улуттук банкта кандай иштер жүрүп атат, инфляция тууралуу айтып берем.

- Улан мырза, калктын банктарга ишенимин кантип кайтарса болот? Ал үчүн эмнелерди жасоо зарыл?

- Билерсиз, көп иштер жасалды. Улуттук банк биринчиден, коммерциялык банктардын ишин катуу көзөмөлгө алды. Коммерциялык банктарды башкаруу ишине кылдат байкоо салып турабыз. Баштагыдай эле банктардын капиталдашуусу жүрүшү керек. Банк менен акционерлер капитал Улуттук банк чектеген нормативден жогору болушу пайдалуу экенин түшүнүшү зарыл. Банктардын эң аз уставдык капиталы 100 миллион сом. Биз өздүк капитал, реалдуу капиталдын өлчөмү 30 миллион сомдон көп болушуна жетиштик. 2005-жылдын аягында ал 60 миллион сомго чыгышы керек. Жел капитал болбосун. Үчүнчүсү, кийинки эки-үч жылдан бери биз базар тартибин чыңдоо аракетин жасап жатабыз. Аны чечмелей кетейин. Биз банктардан маалымат алабыз, алардын ишин көзөмөлдөп турабыз. Азыр коммерциялык банктарда ички аудит текшерүү системи калыптанууда. Банк өзүн-өзү текшерет. Быйылтан баштап квартал сайын отчетторду жарыялоо башталды. Бул коомчулуктун банктарды көзөмөлдөп туруусуна шарт түзөт. Кызыккан адам каалаган банкы тууралуу маалыматты ала алат.

Минимал капитал кимдир-бирөө уйкусу жакшы канбай калгандан чыккан чыр эмес. Аны биз биричи иретте аманатчылар менен ишкерлердин кызыкчылыгы үчүн коебуз. Бул банктын туруктуулугу менен ишинин илгерилешине көмөк көрсөтүү максатында жасалган иш.
XS
SM
MD
LG