Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

ЭСЕНБАЙ АЙЫЛЫНЫН СУУ КӨЙГӨЙҮ


Оштун Араван районундагы «Төөмоюн» айыл өкмөтүндө суу маселеси дале болсо чечилбей келе жатат. «Төөмоюндагы» Эсенбай айылы ичүүчү жана сугат сууга толук түрдө коңшу Өзбекстандан көз каранды. Суунун айынан эсенбайлыктар менен Өзбекстандык дыйкандардын, чегарачылардын ортосунда бат-бат чыр-чатактар болуп турат.

Араван району Өзбекстан менен чектеш жайгашкан. Бириккен Улуттар Уюмунун «Алдын ала өнүгүү» программасынын жүргүзгөн изилдөөлөрү боюнча, аталган аймакта эл аралык жана улуттар аралык чыр-чатакка алып келүүчү факторлор көп. Алардын бири -ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгы. Бул маселе өзгөчө Эсенбай айылында чечилбеген бойдон калууда. Эсенбайга суу Кувасай шаарынан келет.

Айылдыктардын айтуусунда, 1962-жылдары бир нече гектар кургак жерге алмашылып, Өзбекстанга өтүп кеткен Керкидан каналы Кувасай шаарындагы ишканалардын, жашоочулардын төккөн таштандыларын кошо агызып келет. Андан бөлөк суу жок болгондуктан айыл тургундары ичүүгө да, эгин-тегиндерин сугарууга да ошол суудан пайдаланышат. Эсенбай айлынын жашоочусу Эсенали Кадыровдун айтымында, бул суу да таңсык:

- Бизге сууну өзбектер каалаган убагында коё беришет. Мына азыр да келгенине эки күн болду. Суу аябай кир, таштандынын баарын төгүшөт экен. Айла жок - тундуруп алып, ичебиз. Башка ичүүчү суу жок. Сугат суу да ушул, болсо болду, болбосо эгинибиз да түшүмсүз болуп, отуруп калабыз

Дагы бир жашоочу Темирбаев Эргеш:

- Айылдын четинде көлмө бар. Суу келгенде ошону толтуруп алабыз да, суу жокто саргарып кеткиче ичебиз. Кыш айларында такыр эле суу келбейт. Эптеп бир-эки жолу келген каналдын суусу да Кувасайдын ишкана-заводдорунун булганыч сууларын кошо агызып келет. Биз аны айласыздан ичебиз.

Ал эми айылдын дагы бир тургуну Калича Жумабаеванын айтуусунда булганыч суунун айынан элде жугуштуу оорулар көп:

- Суунун булганычтыгынан ич келте, сарык жана кургак учук сыяктуу оорулар көбөйүп кетти. Күн ысыганда ар бир үйдөн бирден-экиден ич келте менен оорушат. Сарык болуп оорубаган адамдар аз. Өлүм-житим да көбөйдү элде. Сарыктан бир келин каза болду, мезгилинен эрте өлгөндөр көп.

Эсенбай айылында буудай, пахта, коон-дарбыз жана башка жашылча-жемиштер эгилет. Бирок суунун тартыштыгынан түшүмдүүлүгү аз. Сугат учурунда мураптар суу буруп келүүгө аракет жасап, Өзбекстан тарапка өтүшөт. Бул дээрлик бардык учурда мураптардын чегарачылар же Өзбекстандык жашоочулар тарабынан запкы көрүүсү менен аяктайт.

- Өзбекстан тарап сууну өздөрүнө керек болбой калган учурда гана беришет. Суу сурап чегарадан өткөн биздин мураптарды уруп-сабап салышат. Жакында эле ошондой окуя болуп, бир-экөө ооруканага жатып чыгышты. Бизди чочулаткан нерсе - суунун айынан саясий коогалаң чыгып кетиши мүмкүн. Анткени элдин чыдамы калбай калды.

«Төөмоюн» айыл өкмөтүндө үлүш жер кеңири. Жан башына 30-35 тешеден тийген. Ушул себептенби, айылдын социалдык паспортуна элдин 90% жакшы жашайт, мамлекет тарабынан колдоо-жардамга муктаждыгы жок деп жазылып калган. Айыл өкмөттүн башчысы Болот Жусуповдун айтымында быйылкы жылы паспорт оңдолуп, элдин жакырчылыгы 57% деп жазылды. Болот мырзанын сөзү боюнча айыл өкмөттүн 80% ичүүчү таза суу менен камсыз болгон:

- Эсенбай, «Жаштык», «Ынтымак» жана Сарыташ деген айылдарда гана суу түтүгү жок. Калган 6-7 айылдарга ичүүчү суу жетет.

Бириккен Улуттар Уюмунун «Алдын ала өнүктүрүү» программасынын Ош облустук координатору Үсөн Шайназаров Эсенбай айлындагы cуу көйгөйүн чечүүгө ПРООН тарабынан да чаралар көрүлүп жаткандыгын айтты. Анын сөзү боюнча суу түтүктөрүн алып келүүгө көп каражат керек. Ошондуктан, «Алдын ала өнүгүү» программасынын негизинде атайын ушул багытта долбоорлор жазылып, бир нече эл аралык донор уюмдарга берилген. Жакын арада Эсенбай жана башка айылдарда да суу маселеси чечилип калышы мүмкүн деген үмүт бар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG