Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:03

Корей жарым аралын ядролук куралсыз аймакка айлантууда Россия менен Түштүк Корея чогуу аракеттенмек болушту. Мындай билдирүү эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Бан Ки Мундун ишемби күнү Сеулда аяктаган сүйлөшүүсүнөн кийин жасалды. Түндүк Кореянын өзөктүк куралдарды өнүктүрүү программасынан келип чыккан кризис, Лавровдун билдиришинче, өлкөнүн коопсуздугуна “ишенимдүү” кепилдик берүү жана экономикалык “туңгуюктан” чыгууга көмөктөшүү аркылуу жөндөлүшү шарт.

Сеулда Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Пак Ки Мун менен өткөн сүйлөшүүдөн кийин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мындай деп билдирди:

- Алты тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү биздин каалаганыбыз Корей жарым аралынын ядролук куралсыз аймакка айлантуу. Жарым аралда өзөктүү куралдарды жок кылуу Түндүк Кореянын коопсуздугуна олуттуу кепилдик берүү жана экономикалык жардам менен коштолушу абзел.

Бан Ки Мундун сөзүнө караганда, ал Лавровдон ырасмий Пхеньянды өзөктүк программасынан биротоло баш тартып, анын ныпасын өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн сарптоого көндүрүүнү өтүнгөн:

- Биз Россиядан Түндүк Кореяны өзөктүк куралдарды өнүктүрүү планынан баш тартууга көндүрүүнү, бул планды токтотуп, анын ордуна алардын коопсуздук кепилдигин алуусу жакшы болооруна ишендирип берүүнү сурадык.

Бир күн мурда АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл түндүк кореялык коллегасы Пак Нам Сан менен Индонезиядагы регионалдык экономикалык форумда кездешти. Бул Вашингтон-Пхеньян ортосундагы акыркы эки жылдагы биринчи бийик даражалуу сүйлөшүү болду.

Пуэллдин Пак менен жолугушуусу, консервативдүү маанайдагы “Вашингтон Пост” гезитинин жазышынча, президент Буштун администрациясы “Пхеньяндын ядролук дымагынан келип чыккан кризисти дипломаттык жол менен чечүүгө ынтызар экенин” күбөлөйт.

Ядролук эрегишти токтотуу боюнча масилетти Сергей Лавров жекшемби күнү Пхеньянда коммунисттик Кореянын жетекчилери менен улантат.

Өзөктүк кризис ырасмий Вашингтон 2002-жылдын октябрында Түндүк Кореяны Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимди бузуп, өзөктүк куралдын үстүнөн жашыруун иштеп жатканын мойнуна алууга чакыргандан кийин башталган.

Ошондон бери, эрегишүүнү токтотуу үчүн АКШ, Түндүк жана Түштүк Корея, Япония, Кытай, ошондой эле Россиянын мартабалуу өкүлдөрү үч жолу Бээжинде жолугушуп, сүйлөштү. Ага карабастан, тараптар Түндүк Кореянын кыргын салчу куралдарды жасоо программасын токтотуу боюнча бир мунасага жетише элек.

Өткөн жумадагы сүйлөшүүдө Кошмо Штаттары эгерде Пхеньян ядролук программасын токтотсо, өлкөгө отун-энергия жагынан жардам берилиши мүмкүн экенин билдирди.

АКШ буга дейре Түндүк Кореядан ядролук куралдарды өнүктүрүү программасын биротоло жок кылууну, ансыз эч кандай жардам берилбесин көшөрө талап кылып жаткан эле.

Түндүк Кореянын жетекчилиги болсо Вашингтондун бу сунушун четке кагып, алты жактуу сүйлөшүүгө сентябрдын аягында гана катышууга макул экенин маалымдады.
XS
SM
MD
LG