Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:36

Талас облусуна спирттин баары контрабандалык жол менен келет


ТАЛАС. Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Спирт жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү, сактоо жана сатууга көзөмөл жүргүзүү боюнча мамлекеттик инспекциясынын Талас облусу боюнча бөлүмүнөн 3-июль күнү алынган маалыматка караганда, быйылкы жылдын алты айында Таласка ташылып келген спирттин 250 литри гана контрабандалык товар деп кармалган. Кармалган адамдардын көпчүлүгү 3, 5 литрден өздөрү үчүн алып келаткан карапайым жарандар. Ушул маселе боюнча өткөн координациялык кеңешке облус губернаторунун биринчи орун барасы Канат Нартаев спирт контрабандасынын анабашчылары облустун укук коргоо, салык, бажы органдарынын жетекчи кызматкерлери экендигин билдирди жана алар менен тийиштүү органдар аркылуу тымызын күрөш жүргүзүлөрүн айтты. Ал эми инспекциянын Талас бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Арыкбековдун пикиринде, бул ишке мындан 3 жыл мурда коопсуздук органы киришкенде да майнап чыккан эмес жана мындан ары да спирт котрабандасынын анабашчылары колго түшүшү күмөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG