Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

«Адилет шайлоо үчүн» бирикмесинин Ысыккөл облустук бөлүмү түзүлдү


КАРАКОЛ. Бул маалыматты Кыргызстан социал-демократиялык саясий партиясынын облустук бөлүмүнүн лидери Докдурбай Мусабеков таратты. Мусабековдун айтымында, ушул тапта «Адилет шайлоо үчүн» жарандык бирикмесинин облустук бөлүмүнө мүчө болууну каалагандарга бирикменин максатын, милдетин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо кодексин түшүндүрүү иштери колго алынууда. Себеби, алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоонун адилеттүү, калыс жана демократиялуу өтүшү үчүн аталган бөлүмдүн мүчөлөрүнүн да чоң жоопкерчилиги талап кылынат. «Азыр бул бөлүмдүн 40тан ашуун мүчөсү бар, катарыбызга кошулууну каалагандар да жок эмес», - дейт Доктурбай Мусабеков.

XS
SM
MD
LG