Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:52

Эл аралык валюта кору Кыргызстанга 14 миллион кредит берди


БИШКЕК. Эл аралык валюта кору Кыргызстанга 14 миллион долларлык кезектеги траншын берди. Эл аралык валюта корунун директорлор кеңеши 30-июндагы жыйынында мына ушундай чечимге келген. Ага кордун Кыргызстандагы жакырчылыкты азайтуу жана экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү боюнча үч жылдык программасына ылайык Кыргызстандын экономикалык өсүшүн иликтөөсүнүн жыйынтыктары негиз берген. Эл аралык валюта кору Кыргызстандын экономикасына колдоо көрсөтүү боюнча үч жылдык программасын 2001-жылы кабыл алып, анын алкагында 107 миллион 600 миң доллар бөлүү чечимине келген. Буга чейинки төрт транш менен 93 миллион 600 миң доллар берген. Эл аралык валюта корунун бул кредиттери 10 жылдык мөөнөткө жылына 0,5 проценттик үстөк менен берилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG