Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:05

Кыргызстандагы газ түтүгү ишенип башкарууга берилди


БИШКЕК. Бухара-Бишкек-Алматы газ түтүгүнүн Кыргызстан аймагынан өткөн бөлүгү боюнча кыргыз-казак биргелешкен ишканасы түзүлдү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов 3-июлда билдирди. Анын айтымында, биргелешкен ишкананын акцияларынын контролдук бөлүгү кыргыз тарапта калды. Бирок келишимге ылайык биргелешкен ишкананы башкаруу казак тарапка өткөрүлүп берилди. Эми эки тарап 113 чакырым келген газ түтүгүн оңдоп-түзөө жана ага удаалаш дагы бир түтүктү жаткыруу боюнча иштерди жүргүзмөкчү. Президент Аскар Акаевдин өткөн жылы декабрь айындагы Астанага сапарында Кыргызстандагы газ түтүгү боюнча биргелешкен ишкана түзүү макулдашылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG