Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

ПРЕЗИДЕНТТЕРДИН МОСКВА ЖОЛУГУШУУСУ


Төрөкул Дооров, Москва 3-июлда Москвада Шериктештикке кирген мамлекеттердин президенттери чогулушту. Бул күнү борбор калаадагы атмайданда (ипподромдо) ат чабыш оюну өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө Орусия президентинин негизги байгеси жана 3 млн.рубль берилди.

Москванын борбордук ипподромунда өткөн иш-чара бир эле убакта спорттук жана саясий маани-мазмунду айкалыштырып, постсоветтик өлкөлөрдүн лидерлерине бирге олтуруп, көңүл ачууга да жакшынакай шарт түзгөндөй болду. Ат чабышка Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Украина, Молдова, Азербайжан, Армения, Грузия жана Орусиянын мамлекет башчылары катышты. Алардын ичинде үч президент: Аскар Акаев, Михаил Саакашвили жана Владимир Путин өздөрүнүн аялдары менен келишкен.

Бул жерден Түркмөнстандын президенти Супармурат Ниязов менен Беларус республикасынын башчысы Александр Лукашенкону жолуктурууга мүмкүн болгон жок. Түркмөнбашы ушул күндөрү сыркоолоп, Москвага келе албаптыр, ал эми Лукашенко бул күнү Беларуста өтүп жаткан салтанаттуу майрамдар менен алек. 3-майда Беларусь мамлекетинин калкы Көз карандысыздык күнүн жана өлкөнүн фашисттик немецтерден бошотулганына 60 жыл толгонун салтанаттуу белгилеп жатат.

Москва ипподромунун директору Владимир Жиковскийдин айтымында, баары болуп 11 ат чабылды.

- Бул башталышы гана. Биз ушуну менен ат чабышты да Третьяков галлереясындай же Орус музейиндей элдин байлыгы катарында көтөрөлү деген ниеттебиз.

Ат чабышты элдик байлык катарында жандантуу боюнча аракеттер да мыкты көрүлгөн. Анткен менен бул көңүл ачуу иш-чарасына каалаган эле барып катыша албайт же аны көрө албайт. Ипподромдо сатылган билеттердин баасы 600 долларга чейин жетти. Анын үстүнө, бул жакка келген эркектер жеңил спорттук кийимдерде эмес, костьюмда, ал эми айырдар сөзсүз түрдө баштарына кооз шляпаларды кийип келиши талап кылынган.

Акыркы жүз жылга жакын убакыттан бери алгачкы ирет өткөрүлүп жаткан ат чабыш оюну спорттук маанисин да артка калтырып, саясий кызыкчылыгы алдыңкы орунга чыккандай болду. Негизи бул өңдүү окуянын максатын Кремлдегилер «формалдуу жолугушуудан баш тартып, бул жолу президенттер жөн гана ачык маанайда олтуруп сүйлөшсүн» деген ниетте уюштурулганын айтышат.

Көптөгөн байкоочулардын баамында, мамлекет жетекчилеринин формалдуу эмес жолугушуусу ич ара олуттуу саясий проблемаларды чечүүдө, ырасмий жолугушууларга караганда алдаганча натыйжалуу боло тургандыгы ачык. Андыктан бул жолку жолугушууда да КМШ мамлекеттеринин ич-ара карым-катнашына тиешелүү маанилүү суроолор жана Борбор Азия регионундагы коопсуздук маселеси сөзсүз козголот деп ишенишет аналитиктер.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Аскар Акаев Москвага 2-июнда келген жана ошол эле күнү кечинде Орусиянын президенти Владимир Путин менен бирге Мамлекеттик академиялык Чоң театрда балет көрүштү. Ал эми 3-июнь күнү ат чабыштан кийин президенттердин формалдуу эмес жолугушуусуна катышты.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинен билдиришкендей, Аскар Акаев ушул эле күнү Бишкекке кайра кетиши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG