Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:57

Судан бийлиги согушкерлерди куралсыздарндырууга убада берди


ХАРТУМ. Судандын өкмөтү өлкөнүн Дарфур чөлкөмүндөгү согушкерлер топторун куралсыздандырууга убада берди. Судан, ошондой эле, региондо эл аралык укук коргоочулардын жайгаштырылышына да макул болду. Бул жөнүндө Улуттар уюмунун баш катчысы Аннандын регионго жасаган визитинин соңунда кабыл алынган орток билдирүүдө айтылат. Ушул аптанын башында чөлкөмгө АКШнын тышкы иштер министри Колин Пауэлл келип кеткен. АКШ жана укук коргоо уюмдары Судандын көчмөн арабдарынан куралган Жанжавит согушкерлери дыйканчылык кылган кара африкалыктарды жашаган жерлеринен сүрүп чыгып, чөлкөмдө этникалык тазалоо жүргүзүүдө деп эсептешет. Жаңжал башталгандан бери региондо бир миллиондон ашык киши жер которгонго мажбур болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG