Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Муаммар Кадафинин кызы Саддамдын адвокаттарынын катарына кошулду


Ливиянын президенти Моаммар Кадафинин кызы Айеша Каддафи Саддамдын адвокаттарынын катарына кошулду. Бул жөнүндө билдирген адвокат Мухаммад Раждан укук таануу илимдеринин доктору Айша Каддафи бул демилгени өзү көтөргөнүн айтат. Саддамдын 20 кишиден турган адвокаттарынын тобуна араб жана араб эмес өлкөлөрдүн көрүнүктүү укук таануучулары, анын катарында Франция менен Британиянын юристтери кирген. Ушул жумада сот алдына алгачкы жолу чыкканда Саддам өзүнө коюлган айыптоо кагазына кол койуудан баш тартып, мен "муну адвокаттарымдын көзүнчө гана жасайм" ,-деп айткан. Саддамга жети күнөө, анын катарында, адам баласына каршы кылмыш кылган, геноцид уюштурган деген айыптар тагылууда.

XS
SM
MD
LG