Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:04

Жума күнү (июлдун 2синде) Бириккен Улуттардын Билим берүү, илим жана маданият тармагындагы уюму – ЮНЕСКО (UNESCO) – Кытайдагы Сучжоу шаарында өтүп жаткан жыйынында эл аралык коомчулук жалпылап сактап калышы керек болгон эстелик жайлардын тизмесине дагы он беш эстеликти киргизди. Алардын арасында Казакстандагы Тамгалы жергесиндеги аска таштагы сүрөттөр, Монголиянын Орхон дарыясынын өрөөнүндөгү орто кылымдардан калган эстеликтер комплекси, Ирандагы. Жапониядагы, Орусиядагы жана башка өлкөлөрдөгү көөнөргүс мурастар сакталган жайлар бар. Бул тизмедегилердин ичинен Ички Азиядагы Орхон өрөөнүндөгү эстеликтер кыргыздар үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Тарыхта “орхон-энесай (руна сымал) жазмасы” деген аталыш менен белгилүү алфавиттик жазма – жеке чыгыш түрктөрүнүн гана эмес, жалпы эле түрк дүйнөсүнүн орток мурасы. Жазууларды чечмелөө жаатындагы алгачкы кадам 1893-жылы даниялык түрколог Вилгелм Лүдвиг Томсен (1842-1927) тарабынан жасалган. Кийинки жылы анын ишин орус академиги Василий Радлов (Фридрих Вилгелм Радлов, 1837-1918) улантып, айрым тексттерди окуган. 1896-жылы Томсен Орхон суусунун алабындагы жазма эстеликтердин бир катарынын окулушун тактаган.

Бул ачылыштан бери 111 жылдай өттү. Эми бүт дүйнө орто кылымдарда түрк элдеринин өз алдынча алфавити болгонун, алардын ичинде кыргыздардын да улуттук жазма маданият салты көөнө доордо эле өнүгүп келгенин дурус билет.

Бирок ошол маданий эстеликтер кандайча сакталып жатат? Соңку он жылдыкта Түркия сыяктуу азганактай гана өлкөлөр сырттан жардам бергени болбосо, Монголиядагы бир катар эстеликтер жүздөгөн жылдар бою кароосуз калып келишти.

Ошондуктан, Кыргыз улуттук университетинин Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин доктору Олжобай Каратаевдин Орхондогу эстелик жайлар ЮНЕСКОнун камкордугу астында сакталаары тууралуу кабарга өзгөчө сүйүнгөнүн түшүнүү кыйын эмес:

- Монголиянын Орхон өрөөнүндөгү тарыхый мурастардын ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын атайын тизмесине кирүүсү – бул жалпы тарых илимий чөйрөсүндөгү, түрк-монгол маданий чөйрөсүндөгү чоң жаңылык болуп эсептелет, анткени бул Орхон өрөөнүндөгү тарыхый мурастар, жазма булактар – бул жалпы түрк дүйнөсү үчүн, жалпы түрк тарыхы, анын ичинде кыргыз илими үчүн аябай зор мааниси бар, анткени бул жазуу эстеликтеринде орто кылымдардагы жалпы түрк дүйнөсүндөгү бир гана саясий маселелер чагылдырылбастан, бизге – кыргыздарга дагы таандык тарыхый окуялар чагылдырылат, анткени бул маалыматтардын, бул жердеги тарыхый булактардын өзүндө эле “кыргыз” деген этноним он эки ирет эскерилет. Демек,бул тарыхый аймак менен кыргыз калкынын, орто кылымдардагы Кыргыз каганатынын саясий-экономикалык жана маданий алакаларын чагылдырат.

Айтмакчы, Каратаев мырза өзү жалпы түрк жана монгол элдеринин орто кылымдардан бери калган эн тамгаларын жана этнографиялык маалыматтарын иликтеген адис. Олжобай Монголиянын, ага жамаатташ Энесайдын, Алтай аймагынын айрым жерлерин кезип чыккан:

- Мен өзүм бул аймакта болгом, мезгилинде. Монголиянын түндүк-батыш аймактарында болдум, борборунда болдум. Тилекке каршы, эстелик жайгашкан Орхон өрөөнүндө боло албадым.

Анын оюнча, Орхонду илимий жактан изилдөө иштери эгемен Кыргызстандын илимпоздору үчүн эми гана жанданууда:

- Кудай буюрса, болочокто бул аймак өзү жалпы тарых илиминде, кыргыз таанууда өзгөчө иликтенүүчү өзүнчө бир зор багыт болуп кала бермекчи, анткени Орхон өрөөнүндөгү тарыхый булактар этногенетикалык жана этномаданий жактан кыргыздар калтырган Хакас-Минусин (Миңсуу) ойдуңундагы тарыхый-маданий мурастар менен этногенетикалык жакын байланышы бар.

Кыргыз президенти Аскар Акаевдин 1993-жылкы Монголияга жасаган алгачкы сапары маалында мен да Монгол өлкөсүнө барган элем, арийне, Орхон өрөөнүндөгү эстелик жайларды кезе алган эмесмин. Бул аймак кыргыз жана башка түрк илимпоздору үчүн өзүнчө эле «Мекеге» тете жер.

Президент А.Акаев кийинчерээк Монголиядагы Кыргыз-Нур көлүнө да барып, Ички Азия тарыхый аймагы өзүнүн көөнө тарыхын үйрөнүүгө белсенген кыргыздар үчүн өгөй журт эмес экендигин саясий чөйрөбүзгө эскертип койду. Алатоолук тарыхчылардын айтымында, буюрса, мындай ишаарадан соң илимдеги аткаминерлер Орхон аймагына ар кыл экспедицияларды каржылоо жагына кайдыгер калбай тургандай.

Албетте, шашыла турган жагдайлар да арбын. Маселен, тээ 840-жылдары Монголиянын Сужийн-Даван жергесинде кыргыз колбашчысы «мен – кыргыз уулумун» деп жазып калтырган даңазалуу эпиграфикалык эстелик 1900-жылы табылып, илимге киргизилген. Бирок кийинчерээк бул таштагы жазуунун өзү жоголуп кеткен. Орхон өрөөнүндөгү Кошо-Цайдам жергесинен табылган Күл-тегиндин эстелик жайын жана башка байыркы түрктөргө таандык эпиграфикалык мурастарды сактоо экономикалык жактан жакыр жана пост-коммунисттик доордогу социалдык жана башка түйшүктөрү чачтан көп Монголия үчүн оңойго турбастыгы түшүнүктүү.

ЮНЕСКОнун тизмесине түшкөн соң, эми Орхон эстеликтери болочок муундарыбыз үчүн жалпы эл аралык коомчулуктун көмөгү жана камкордугу менен дурусураак сакталаарында үмүт бар десек болот.
XS
SM
MD
LG