Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:56

АДАБИЯТ МАСЕЛЕЛЕРИ


Базар мамилеси өкүм сүргөн заманда көркөм баалуулуктардын баки-жогу чоң сыноого туш келди. Улут адабиятынын улуу көчүн улай келген көп жазуучулардын китептери чыкпай калды. Анын ордун саман-топону аралаш алешем чыгармалар ээледи. Бул тууралуу улут адабиятыбыздын айтылуу чеберлеринин пикири кандай?

Коммунизм заманынын урандысынын алдында калган социалисттик реализм көркөм усулу жок болгондон кийин кыйлага дейре кыргыз адабиятында боштук өкүм сүрдү. Табият андай боштукту жердигинен жактырбайт эмеспи. Ошондон башта расмий сый-урматка бөлөнүп келген адабий дөө-шаалардын калың китептери турчу дүкөн текчелерин башта элге аты-жөнү белгисиз авторлордун жазгандары ээлеп, көркөм чыгармачылыктын арты менен аты чыгып, нан таап келгендердин шаабайы сууй түшкөнү деле чындык. Аны Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков момундайча түшүндүрөт:

- Буга кайгырсаң да болот. Себеби совет өкмөтү тушунда өз казанына кайнатып, анан кийин идеологиясына ылайыктап жаздырып, ошого тарбиялап жүрчү. Кээ бирөөлөрүн камап койчу, кээ бирлерин мактап койчу, социализмдин баатыры кылчу, тиги-бу кылчу. Бирок мен азыр бир нерсеге ыраазымын. Мен өзүмдүн оюмду, түшүнүгүмдү, билгенимди эркин жазып калдым. Бирок кароосуз калдык. Ошол эркин жазгандар дагы, жөн эле эптеп-септеп бирдемелерди чиймелегендер дагы баарыбыз базар наркында бирдей турабыз. «Жок, кокуй, бул кыргыз элине керек. А муногунун жазганы эчтекеге арзыбайт», деген тескөө жок.

Кыргыз эл акыны Омор Султанов азыркыдай кысталыш, кыйын кезеңде чыныгы таланттар сүрмөтоптун арасынан суурулуп чыгат деген пикирде. Анын айтымында, көркөм адабият дайыма бир калыпта өнүкпөйт. Бирде бастап, кээде көтөрүлүп, бирок да агымын үзбөй алдыга умтула бермейи бар. Кыргыз профессионал адабиятынын бир кылымга бираз жете бербеген өнүгүшүндөгү үлкөн табылгасы Чыңгыз Айтматов болду, дейт эл акыны Омор Султанов:

- Бул адабияттын келечеги болбойт дегенге мен ишенбейм, көзүм деле жетип турат. Келечеги сөзсүз болот. Болгондо да кээ бир учурларда көрүндө өкүрө тургандай болот. Аябай катуу. Кээде бир учурлар келет, чоң адабият ошондой учурда чыгат. Чоң адабиятты ушундай ары сүр, бери сүрлөр жаратат. Кийинки жаштарды байкачы. Мен мурда жазуучулар бирлигинин катчысы болуп турган кезимде: «Эч ким чыккан жок, Суурулуп чыккан бирөө жок», деген аксакалдардын сөзүн угуп калчумун. Мен аларга азыр суурулуп чыга турган заман эместигин, жалпы келатышканын айткам. Азыр адабиятка көңүл бурулбай келатат. Андай бурулбаган көңүлдү адабият өзү бургузат.

Пенде баласынын учкул кыялынан жаралгандын баки-жогунун базар баасын аныктап салган азыркы заманда адабияттын аткарчу кызматтарынын кыйласын маалымдоо каражаттарынын башка ийкем түрлөрү ээлеп кетти.

- Эң жаман жери бар. Эптеп-септеп бирдемелерди жазып адабият дегенди жалпы окурман караламан калктын көзүнө, жаш окурмандын көзүнө жаманатты кылып коймой болушту. Же тил жок анда, же көркөм сөз жок анда, же сүрөт жок анда. Эптеп-септеп акча тапса эле «баланча аксакал» деп атасын мактатып чыгарып аткан китептер көбөйүп кетти. Же көркөм адабиятка жатпайт. И.Раззаковдой инсан болсо бир жөн. Жөнеле атасын мактатып китеп жазып чыгарып атыр. Мейли, анысына деле. Атасынан калган эме. Өзү жалгыз төрүнө коюп алат. Бул адабият эмес,-дейт Төлөгөн Касымбеков.
XS
SM
MD
LG