Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:25

БАРСКООН КЫРСЫГЫ КЕСЕПЕТИН ДАГЫ ЭЛЕ ТИЙГИЗИП КЕЛАТАТ


Сарыгулова Бурулкан, Бишкек 1998-жылдын 20-майында болгон Барскоон кырсыгынын кесепеттери алты жылдан кийин кайрадан коомчулукта талкууга алына баштады. Буга Кыргыз өкмөтүнүн «Кумтөр» ишканасына байланыштуу жаңы макулдашуусу негиз берип отурат. «Камеко» корпорациясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы мындай макулдашууга тараптар былтыр декабрда кол коюшкан. Ал эми өткөн аптада Кыргыз өкмөтү макулдашууга ылайык түзүлгөн «Центерра» ишканасындагы жөнөкөй акциясынын бир бөлүгүн сатып, андан 85 миллион доллар киреше алгандыгын маалымдады.

Бейөкмөт уюмдардын бир тобу «Центерра» ишканасындагы жөнөкөй акциядан түшкөн 85 миллион доллар кирешенин кайда жумшалаарын көзөмөлдөө демилгесин көтөрүп жатышат. Бул маселе бейшембиде «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму өткөргөн форумдун жыйынтык документиндеги бир маселе болду. Мындай чечимдин кабыл алынышын форумдун катышуучулары «Кумтөр» ишканасынын буга чейинки катачылыктары, анын ичинде Барскоон кесепеттерин жоюудагы укук бузуулар менен байланыштырышты. Адам укугун коргоо бюросунун директору Наталья Аблованын айтымында, өкмөттүн коомчулук менен акылдашпай, жашыруун кабыл алган чечимдеринин кесепетинен Барскоон кырсыгы үчүн алынуучу тиешелүү компенсация инвестордон толугу менен өндүрүлбөй калган:

- 4 миллион компенсация болуп көрбөгөндөй аз акча. Биз 98-жылдын күзүндө Калия Молдогазиева менен эл аралык каржы корпорациясында отурганда, алар бизге «билесиңерби, биз чоң компенсация төлөп берүүгө даярбыз» дешти. Биз «Канчалык каражат жөнүндө сөз болуп атат?» деп сурадык. Алар бир аз ыргылжың болушту, бирок, бардык чыгымдар, жабылгыдай, жетиштүү каражат болот дешти. Анан эле алар интернеттен чыгарылган жаңылыкты алып келип калышты. «Бүттү, силердин өкмөт 4 миллион сом компенсация боюнча макулдашууга кол коюшуптур» дешти. Билесиңерби, алар биздин бетибизге эле күлүштү.

Форумдун катышуучуларынын пикирлерине караганда, өкмөт Барскоон кырсыгынан жабыркагандарга берген убадасынын азын аткарып, көбү унутта калды. Анын бири катары Барскоондогу диагностикалык борбор азыр аты-бар, заты жок калганын айтышат. Ал эми Кичижаргылчак айылынын өкүлдөрү бөлүнгөн компенсацияны өкмөттүн, парламенттин эшигин жыртып жүрүп, алты жылдан кийин алганын айтышат. Ал тууралуу Өмүр Алымкулов мындай дейт:

- Аягында 800 миң сом которду. Анын 150 миң сомун Барскоонго мончо салганга чыгымдаганбыз деп кармап калды. 650 (миң) сом алдык. Анын дагы 72 миң сомун өрүк алгансыңар деп кармашты. Ошентип, ар бир душубузга 131 сомдон алдык.

Укук коргоочу Наталья Аблова Барскоон окуясына маани берилбегендигинин бир далили катары ушул күнгө чейин сот жабыр тарткандардын арыздарын дээрлик сот өз кароосуна албагандыгын келтирди.

Ал эми ошол кездеги Тамга пансионатынын башчысы, өзүн эколог, юрист жана дарыгер деп тааныштырган Индира Казиева өзү башкарган пансионат Барскоон кырсыгында 4 миллион сомго жакын чыгым тартканын, бирок, ошол кездеги «Камеконун» президенти Лен Хоменюк убада берип, бирок, аткарбагынын айтат:

- Анан куугунтуктоо башталды. Сага келип, өз каалооң менен арыз жазасың, болбосо кылмыш ишин козгойбуз деп айтышса, менин юрист катары жагдайым кандай болду дейсиздер? Мен 2001-жылы төрөдүм. Бир айдан кийин чын эле кызматтан четтетүү тууралуу буйрук чыгарышты. Ошондон бери соттошуп жүрөм.

Бирок, «Кумтөргө» нааразы пикирлерди Барскоондогу «Карек» бейөкмөт уюмунун мурдагы мүчөсү Сабира Алымкулова жактаган жок. Маселенин көтөрүлүшүн ал «Карек» беөкмөт уюму менен байланыштырып, нааразылыгын айтты:

- Айылдын башындагы суу каналды бузуп, 300 кишинин үйүн жеп кетти. Ким жардам берди? Дагы «Кумтөр» жардамы менен аман калдык, чындыгында. Айыл өкмөтү жардам берди. Анан эл өзү кетмен-күрөгүн алып, тосуп калды. Эртеси катуу нөшөр чыкты, дагы. Ошондон аман алып калган «Кумтөр» болду, эл болду. Мына «Карек» эмне кылып койду? Жаргылчактан эки абышка, Барскоондон эки абышка алат да, ушинтип келе берет. Бул туура эмес да, муну да карап коюңуздар.

Өкмөттүк комиссия 20 тонналык цианиттин кетишинен зыян тарткан айылдар катары тааныган Барскоон, Тамга, Тосор, Жаргылчак айылдарынын өкүлдөрү болсо кырсыктын кесепеттеринен ушул күнгө чейин жабыркап келатканын белгилешет. Маселен, Кичижаргылчак айылынынын тургуну Мырзакул Садыбакасов мындай дейт:

- Ушу Барскоондогу кырсык боло электе, «Кумтөр» казыла электе жылыга өлсө, «Ой быйыл чыгым көп болуп кетти. Эмне болуп кетти» деп эл ичинде сөз болуп атат. Мына былтыр 31 киши өлдү. Мына быйыл январдан ушул күнгө чейин 12 киши өлдү, мына алты айдын ичинде.Мындан ары эмне болот?

Барскоондун тургуну Осмоналиев Султандын пикирине караганда, эл азыр негиздүү жардамдарга муктаж:

-«Кумтөрдөн» берсе, жардамды чоң берсин. Дыйкан чарбасын уюштуруп берсин, техника дегендерден берсин. Спортко берет 7 миң сом, шахматка берип коет бир 2 миң сом. Бул эмне деген акча?

Уюштуруучулар форумда көтөрүлгөн «Кумтөргө» байланышкан бардык башка маселелер менен катар Барскоон кырсыгынын кесепеттери тууралуу да өкмөткө сунуш билдирерин белгилешти.
XS
SM
MD
LG