Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

БИРИКМЕНИН УРААНЫ: «КЕЛЕЧЕГИҢ ӨЗ КОЛУҢДА!»


Жума күнү кечинде “Адилет шайлоо үчүн” бирикмесинин координациялык кеңешинин жыйыны болуп, анда бирикменин платформасынын долбоору жактырылды. Эми ал эки айлык мөөнөткө элдин талкуусуна коюлуп, андан кийин толугу менен кабыл алынмакчы. Платформа жана бирикменин алдыдагы максаттары тууралуу кабарчыбыз Айданбек Акмат уулу бирикменин лидерлеринин бири Адахан Мадумаров бир нече суроо менен кайрылган эле. Назарыңыздарда мына ошол суроо-жооп.

Адахан мырза, адегенде координациялык кеңеш иштеп чыккан платформанын негизги прициптери жана максаттары тууралуу айтып берсеңиз.

- Платформада белгиленген негизги максат, ушул мезгилге чейин баш-аламан өтүп келаткан шайлоону бир нукка түшүрүү. Мындайча айтканда, Кыргызстандын атуулдарынын активдүүлүгүн көтөрүп, байкоочулардын, ишенимдүү кишилердин укуктарын китепче кылып чыгарып, алардын чөнтөк дептерине айландыруу. Бул платформа бийликти дагы бир жолу эскертүү. Эгерде, бул жолку шайлоодо 14 жылдан бери пайдаланылып келаткан административдик ресурсту колдонуу, же коркутуп үркүтүү, сатып алуу орун ала турган болсо, анда Кыргызстандагы саясий-социалдык абалдын өтө курчуп кетишин бийликке эскерте турган дагы документ болмокчу. Платформа жакынкы күндөрдө кыргыз, орус тилдеринде газеталарга жарыялант.

- Адахан мырза, өлкөдөгү оппозициялык күчтөр шайлоонун адилетсиз өтүшүнө каршы күрөшүү үчүн буга чейин эле топторду түзүп келишкен. Бирок майнабы аз болуп келген. Маселен, 2003-жылдагы референдум алдында да ушундай топ түзүлгөн. Азыркы сиздердин бирикме платформаны турмушка ашыруунун кандай механизмдерин белгилеп жатасыздар. Атуулдардын активдүүлүгүн көтөрүү бирден бир рычаг болуп атабы?

- Биринчиден, атуулдарды окутууну максат кылып жатабыз. Мен координациялык кеңештин төрагасынын орун басары катары эки-үч программа түздүм. Аларды эл аралык уюмдарга тапшырдык. Биринчи сүйлөшүүлөрүбүзгө караганда ал уюмдар программаларды толук колдоп жатат. Ал эми ушул мезгилге чейин жасалган иштерге сын адилет айтылып келатат. Бирок мен мындай топтор менен буга чейин иштешкен эмес элем. Азыркы жолу болсо ишибиз бир топ натыйжалуу болот деген ишенимдемин. Анткени буга чейин байкоочуларды окутпастан, укуктарын, жоопкерчилигин түшүндүрбөстөн аракет жасалган. Бул жолу болсо, бардык шайлоо участкаларындагы байкоочулар, ишенимдүү кишилердин тизмеси колубузда болуп, алар менен түздөн-түз тыгыз байланышта болобуз. Менимче мындай ишибиздин жыйынтыгы жаман болбойт.

- Ар бир шайлоо участкасына байкоочу койгонго сиздерде мүмкүнчүлүк жана каражат жетишеби?

- Каалоо болсо мүмкүнчүлүктөрдү жаратса болот. Кептин баары каражатта эмес. Аздыр-көптүр каражат талап кылынышы мүмкүн, бул табыйгый көрүнүш.Бирок бизге пайда табам деген инсандар эмес, кыргыз мамлекетинин келечегине кайдыгер эмес инсандар көбүрөөк жыйналса, ошолордон көбүрөөк пайда чыгат деп ойлоймун. Каражат жагын да ойлонуштуруп жатабыз, буйурса алардан кемчилик болбойт.

- Платформа кабыл алынгандан кийин байкоочуларды даярдоого чукулдап кирише баштайт экенсиздер да?

- Туура. Ошондой иштерге киришебиз. Биз аймак-аймак дебестен, жалпы Кыргызстанды бир шайлоо участогу катары карап, мына ошол жер-жерлерде түздөн-түз даярдыктарды көрүү максатында методикалык окууларды жүргүзөбүз. Буйурса, алдыбызга койгон планыбыз, “асмандагы айды алып берүү” эмес, Кыргызстандагы карапайым элдин каалоосун, мүдөөсүн ишке ашыруунун механизмин иштеп чыкканга жетиштик. Буйурса, анын натыйжасы жаман болбойт.

- Сиздердин аракет Жогорку Кеңешке шайлоону күтпөй, күзүндө боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоодон башталабы?

- Биринчи кезекте, эл аралык институттарга дагы, аттуу-баштуу инсандарга кайрылуумда, мен дал ошол биринчи баскыч катарында жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодон баштайлы деп, октябрдан кечикпестен, сентябрдын орто ченинен тартып, ушул ишке катуу киришейли деген сунуш менен чыгып жатам. Эң туура айтыңыз, себеп жергиликтүү кеңештердин депутатын шайлоо биринчи сыноо болот. Эгерде биз дагы эле ошол акимдер билет экен, губернаторлор билет экен таштап койгон болсок, экинчи тарабынан эл дагы “биз шайласак-шайлабасак, өздөрү каалаганын шайлап алат” да деген ишенимди жоймоюунча, Кыргызстанда адилеттүү таза шайлоо өтпөйт. Мен “Келечегиң өз колуңда” деген ураанды сунуш кылып жатам. Эгерде турмуш ушундай улана берсин десе, андай үйдөн чыкпай, көлөкөдө жата бериш керек. Жок, укукту сыйлаган, күчтүү, тең ата мамлекет болушубуз керек деген жүрөгүндө күйгөн сезими болсо, анда ар бир кайдыгер эмес атуул “өз тагдырың өз колуңда” деген ураан менен өз талапкерин тандаш керек.

- Суроолорго жооп бергениңизге ырахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG