Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

Мамлекеттик кызматкерлердин камакка алынышы тууралуу түрдүү пикирлер айтылууда


БИШКЕК. «Кыргызстандын Кылмыш жаза кодексинде жана Мамлекеттик сыр тууралуу мыйзамда өкмөттүк сырды таратпоо тууралуу атайын тил кат берген кызматкерлер гана мамлекеттик сыр тараткандыгы үчүн жоопко тартылышы каралган. Ушул өңүттөн алганда Кыргызстандын бир катар министрликтери менен өкмөт үйүндө иштеген он чакты мамлекеттик кызматкердин «Мамлекеттик жашыруун сырды ачкан» деген айып менен камакка алынышы Акүйдүн шайлоо алдындагы эле кадамдарынын бири». Мындай пикирин бүгүн «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын башчысы, Азимбек Бекназаров билдирди. Анын пикиринде Кыргызстандын аткаруу бийлиги «мамлекеттик сырды тараткандар» деген ураан менен шайлоо алдында элдин башын айландырып, бийликке жакпаган кадамдарга барган Мисир Ашыркулов же Курманбек Бакиев сыяктуу саясатчылардын бир кездеги жакын саанаалаштарын кызматтан бошотууда. Мамлекеттик кызматкерлердин камакка алынышы боюнча азырынча расмий маалымат таратыла элек. Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Борис Полуэктов кармалган атуулдардын ар кыл багыттагы жашыруун сырларды чет өлкөгө беришкенин ырастап, бирок алардын ким экендигин жана кайсы өлкөгө маалымат беришкендигин айтуудан баш тартты. Апта башында Кыргызстандын бир катар министрликтери менен өкмөт үйүндө иштеген 10 чакты мамлекеттик кызматкер «Мамлекеттик жашыруун сырды башка өлкөлөргө тараткан деген айып менен камакка алынган.

XS
SM
MD
LG