Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

ИНДИЯ ДАГЫ БИР РАКЕТАСЫН СЫНООДОН ӨТКӨРДҮ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 4-юлда Индия 700 чакырым жерге уча турган жер-жер үлгүсүндөгү ядролук ракетасын сынактан өткөрдү. Орто алыстыкаа учуучу ракета бутага ядролук дүрмөттү жеткире алат. Сыноо Кашмир чөлкөмүн талашкан Индия менен Пакистан эки ортодогу жаңжалды жөнгө салуу боюнча алгачкы сүйлөшүүсүн өткөргөнүнөн бир жума өтпөй жүргүзүлүп отурат.

Үч жылга созулган араздашуудан кийин өткөн аптанын соңунда Индия менен Пакистан Кашмир чөлкөмү жөнүндө алгачкы жолу сүлөшүп, дүйнө коомчулугуна сүйлөшүүдө олуттуу жылыш жасалганын жарыялашкан. Эки тарап ракеталык сыноолорду жүргүзүлүүсү туралуу мындан ары бири-бирин алдын ала кабардар кылып туруууга макулдашышкан. Индиянын ЮНИ кабар агенттигин маалыматына караганда, орто алыстыкка учуучу ракета 700 чакырым жердеги бутага таамай тийди.

Ядролук куралга ээ Индия менен Пакистан эки өлкөнүн Гималай тоолорундагы чек аралаш чөлкөмүндө жайгашкан Кашмирди талашып эки жолу согушкан. Үчүнчү жолкусунда тутанган куралдуу жаңжал өткөн ноябрда ок атшууну токтотуу келишимине кол койуу менен басылган.

Калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн Кашмирдин үчтөн экиси-Пакистанга, ал эми үчтөн бири -Индияга таандык. Индиянын аймагыда сандаган куралдуу топтор Кашмирдин эгемен болуусун же анын Пакистанга кошулуусун талап кылып, согушуп келатышат. Индия ал куралдуу жикчилердин ири бөлүгү Пакистандын аймагынан сүңгүп кирип жатканын жана Пакистан аларды каруу-жарак менен камсыз кылып келатканын айыптайт.

Бул айыптоолорду четке кагып келаткан Пакистан акыры ушул жылдын башында Индия менен орток чек арасындагы көзөмөлдү күчөтүп, Кашмирдин Индия жагына уурданып кирип жаткан согушкерлердин жолун бууганга макул болгон. Ал Индия болсо чек араны электр тогу өткөрүлгөн тикен зым менен, аска-тоолуу рельеф жол берген жерлерде болсо темир коргон менен жаба баштады. Бийиктиги, болжолу менен алты, метр келген тосмо Индиянын аймагын мусулман экстремисттеринен коргомокчу. Чөлкөмдө каада салты, үрп адаты, тили жана дили бир кашмирликтер отурукташканын, көптөгөн үй бүлөөлөр эки жакка бөлүнүп калганын эске алган Индия тосмонун ар кайсы жерлеринен мал айдап өткөнгө жана кишилердин өз ара катташуусуна жол берген күндүр-түндүр күзөтүлгөн өтмөлүктөрдү калтырмакчы.Ок атуунун кайрадан тутанып кетүүсүнөн сактаган Индия чек ара коругун түнкүсүн, караңгы жамынып салып жатат.

Бирок Индиянын аймагында өлкөнүн жергиликтүү өкмөт өкүлдөрүнө, аскерлерлине жана тынч жаткан калкка үстөккө-босток кол салып жатышкан мусулман согушкерлери алардын курал-жарактарынын кору дагы бир нече жылдык согушка кенен жете турганын айтып жатышат. Экстремисттердин жума күнү Индиянын Кашмир чөлкөмүндө удаама- удаа жасаган террордук чабуулдарынан 17 киши курман болду. Ал эми ишенби күнү Кашмирдин Индияга караштуу жагындагы Шринагар калаасынын базарында жардырылган бомбадан 4 киши курман болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды. Индиянын бийликтеринин айтымында, ошол эле күнү чек араны бузуп өткөнгө аракеттенген беш пакистандык согушкер атып өлтүрүлдү. Саясий байкоочулар, Пакистандын ядролук сыноолору, Индиянын аймагында улап жаткан террордук чабуулдар Кашмир диалогунун жүргүзүлүшүнө кедерги гана боло турганын айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG