Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:50

Югославиянын экс-президентинин үстүнөн сот жараяны улантылат


Бүгүн Нидерландыда Бириккен Улуттар Уюмунун аскердик кылмыштар боюнча сотунда Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевичтин үстүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча соттук териштирүүлөр улантылат. Милошевич 1990-жылдардагы Хорватияда, Боснияда жана Косоводо орун алган аскер чыр-чатактарына байланыштуу геноцид кылмыштарында, адамзатка каршы жана аскердик кылмыштарды жасаган деп күнөөлөнүүдө. Ал эми Милошевич өзү ага коюлган күнөөлөрдү четке кагып келүүдө. 2002-жылдын февраль айында Милошевичтин үстүнөн козголгон кылмыш иштер боюнча башталган соттук териштирүүлөр буга чейин 62 жаштагы эк-президенттин саламаттыгына байланыштуу үзгүлтүккө учурап келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG