Португалияда өткөн футбол боюнча Европа чемпионатынын финалдык оюнунда Грециянын футбол командасы Португалиянын командасын 1:0 менен утуп, жеңишке ээ болду. Ошентип, грек футболисттери футбол боюнча Европа чемпионатындагы чемпиондукка талапкер делген Испаниянын, Франциянын, Чехиянын жана Португалиянын командаларын утуп, чемпионаттын жеңүүчүсү болуп чыгышты. Оюндун 57-минутасында дарбазага топту грек футболисти Ангелос Харистес киргизди. Грециянын командасы футбол боюнча Европа чемпионатынын финалына алгачкы ирет чыгып, утушка ээ болду.