Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:56

Талас облусунун жетекчилиги алты айдагы туризмдин деңгээлин аныктады


ТАЛАС. Облустук администрациянын туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитетинен 5-июль күнү алынган маалымат боюнча, жай мезгилинде Таласка туристтерди тартуу жакшы майнап бербей жатат. "Бешташ" улуттук паркына, Киров суу сактагычына, Талас токоюнун ичине, Манас жана Бакайата райондорундагы улуттук музейлерге эс алуучулар менен туристтерди тартууга тейлөө кызмат деңгээлинин төмөндүгү негизги тоскоолдук болууда. Манастын күмбөзү гана көпчүлүк кызыккан туристтик жай бойдон калууда. Быйылкы жылдын алты айында бул жерге республиканын аймагынан 43, облус ичинен 88 эмгек жамааты, 6 миңге чукул адам саякат, сейилге келип кетишкен. Алардан түшкөн каражат 767 миң сомду түздү. Туристтик багытта Таласта он чакты фирма түзүлгөнү менен алар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн туристтерди тартууга кудуретсиз.

XS
SM
MD
LG