Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Ипотекалык кредит берүүгө негиз түзүлдү


БИШКЕК. Кыргызстандын турак-жай департаменти Бишкек шаарынын аймагында ипотекалык кредит берүүгө даяр. Департамент ага негиз бере турган «Кыргызстанда турак жай үчүн узак мөөнөттүү ипотекалык кредит берүүнүн убактылуу жобосун» даярдап, ал өкмөт токтому менен бекитилди. Азыр ипотекалык кредитти узак мөөнөткө, жылына 10-12 проценттик үстөгү менен бере турган чет өлкөлүк инвесторлорду издөө аракети башталды. Мындай маалымат өкмөттүн басма сөз кызматынан алынды. Ал маалыматка караганда, кыргыз өкмөтү турак-жай куруунун 2010-жылга чейинки мамлекеттик программасынын алкагында 2001-жылы 100 миллион, 2002-жылы 300 миллион, былтыр 600 миллион, быйыл 1 миллиард 50 миң сом бөлгөн.

XS
SM
MD
LG