Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы уланат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 20-сессиясын шейшемби күнү улантат. Палатанын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, анда Экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана тышкы соода министринин милдетин аткаруучу Амангелди Муралиевди аталган кызматка бекитүүгө жана эл аралык байланыш жана интеграция министринин милдетин аткаруучу Тажимамат Шаболотовду дайындоого макулдук берүү маселесин карайт. Аларды бекитүүнү жыйынга премьер-министр Николай Танаев сунуштайт. Ал эми палата дүйшөмбү күнкү көчмө отурумун Ысыккөлдө өткөрдү, бирок анда эмне маселе каралганы белгисиз.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG