Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:09

Ош шаарынын отуздай тургуну ачкачылык жарыялашты


ОШ. Ош шаардык мэриясынын алдына шаардагы «Манасата» кичи районундагы «Акмөөр» жатаканасынын 30дан ашуун тургуну пикетке чыгып, ачкачылык жарыялашты. Алардын дээрлик көпчүлүгү «Текстилчи» ишканасынын турак үйүн менчиктештире албай калып, ишкананын балансындагы "Акмөөр" жатаканасында жайгашып калган жумушчулар. Жакында аталган жатакана сатылып кетип, бул жердеги 30дан ашуун үй-бүлө көчөдө калуу коркунучуна кабылышкан. Нааразылык акциясынын катышуучулары маселени чечип берүү өтүнүчү менен прокуратура, сот органдарына кайрылышып, жыйынтык чыкпаган соң аргасыз кадамдарга барууга мажбур болушкандыгын айтышты. Пикетчилер менен жолугушууда шаар бийлигинин өкүлү Мамасадык Бакиров бул ишти сот гана чече тургандыгын айтып кирип кетти. Жатакананын нааразы болгон жашоочулары маселе бир жагдай чечилмейин ачкачалык жарыялоону уланта беришерин билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG