Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

Эл өкүлдөр жыйыны Конституциялык сотко катышуучу өз өкүлүн дайындады


БИШКЕК. Конституциялык сотто Эл өкүлдөр жыйынынын кызыкчылыгын коргоо депутат Баяман Эркинбаевге жүктөлдү. Бул тууралуу Эл өкүлдөр жыйынынан бүгүн маалымдашты. «Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйыны сот жараянына катышуучу өз өкүлүн тактап жатат»,-деп билдирди Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов.

Аскар Акаевдин 2005-жылы президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн тактап берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко депутат Чотонов өткөн жылы кайрылган эле. Д.Чотонов адегенде Жогорку Кеңештин эки палатасынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитеттерине кайрылып, Аскар Акаевдин дагы бир ирет президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн тактап берүүнү өтүнгөн. Палатанын комитеттери болсо карама-каршы корутунду чыгарган. Талаш маселеге так жооп алуу максатында Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Конституциялык сотко кайрылган.

Ал эми Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова Эл өкүлдөр жыйыны сотко өз өкүлүн дайындаса маселени кароого даярдыгын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG