Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

ЖАЛАЛАБАДДЫК 17 ҮЙ-БҮЛӨ ШААР БИЙЛИГИНЕ НААРАЗЫЛЫК БИЛДИРИШТИ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Жергиликтүү бийликтерден тартып президенттик администрацияга чейинки кайрылуусунан майнап чыкпаган жалалабаддык 17 үй-бүлө 5-июлда шаар бийлигине нааразылык билдиришти. Алар жашаган турак-жай былтыр электр жарыгынан чыккан өрттөн улам күйүп кеткен. Дайындуу жумушу, жашоого жетиштүү маянасы жок жарандар узак мөөнөттүү жеңилдетилген кредит берүүнү өкмөткө билдирүүнү талап кылышты.

Жалалабад шаар мэриясына эртең менен келишкен 17 адам менен алардын 8 баласы мэриянын жыйын залынан 11ге чейин чыкпай турушту. Былтыр электр жарыгынан чыккан өрттөн улам үй-жайынан ажырап, көрүнгөн жерде жашап, тажашканын, жатаканадагыларынын шарты оор экенин билдиришти.

Жарытылуу жумушу жана айлыгы жок жарандар абалын өкмөткө маалымдап, кышка дейре турак-жай курууга жетээр жеңилдетилген кредит бөлдүрүп берүүнү талап кылышты. 2-топтогу майып Абдазим Жусупов жергиликтүү жана жогорку бийликтерге кайрылуусунан майнап чыкпаганын айтты:

- Биз эми кимге барабыз, үй-жайыбыздын, бала-чакабыздын абалын көрүп туруп, силер же өкмөт жардам бербесе?

Үй-жайсыз жүргөн Орозбек Калиевдин көз карашы боюнча өрттөнгөн үйдө жашагандардын айыбы жок:

- Үй-бүлө, балдары менен 60ка жакын адам жашап, былтыр электр жарыгынан улам өрттөнгөн үйдө баарынын эле айыбы жок. Мэриядан баштап, президенттик администрацияга чейинки бийликтер күнөөнү бизге оодарып жатышат. Бизге ссуда же кредит берсин.

Жумакан Шаботоева баш калкалаган жатаканада жашоо мүмкүн эместигин айтат:

- Же иш же үй-жайыбыз жок. Оорулуу күйөөмө тийген 300 сом менен үч адам бир бөлмөдө жан багабыз. Жер түбүнөн суук урган бөлмөдө соо киши да кесел болот. Дагы менин бактыма күн ысык. Күйөөм менен баламды араң ийге көндүрүп турам, "чыдайлы, жардам беришээр!» деп алдап.

Шаардык мэриянын жооптуу адистери жатаканадан кууп чыгуу ою жок экендигин, үй өрттөнгөндөн бери суу, электр жарыгы, таштанды акыларын төлөшө электигин, муктаждыктары өкмөткө маалымдалганын билдиришти:

- Мен алардан кварт.плата, сууга, таштандыга деп акча сурадымбы? Сураганым жок. Мен өткөн жылдын күзүндө айткамын, электр кубатынын акчасын эптеп төлөгүлө деп, - деди шаардагы жатаканалар башчысы Лутфилла Камалов.

XS
SM
MD
LG