Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:12

ЮКОСко доочулар жакын арада келбейт


Эл аралык 10 банк орусиялык мунай компаниясынан 1 миллиард доллар карызын жакын арада төлөп бер деп талап кылбай тургандыгын бышыкташты. Аталган топто Сосиете Женерал, Ситибанк, Коммерцбанк, Дойче Банк жана башка ири банктар бар.

Өткөн бейшембиде Орусиянын Юстиция министрлиги ЮКОСтун банк эсептерин "тоңдуруп", компанияга 2000-жылдан калган 3 миллиард 400 миллион доллар салыгын кайтарууга беш күн мөөнөт берген.

Орусиялык Салык кызматы да ЮКОСтон 2001-жылы 3 миллиард доллар салыгын өндүрүп алууга аракет кылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG