Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:46

Иракта козголоңчулар өлкө боюнча чабуулга өтүштү


Кечээтен берки салгылаштарда кеминде Ирактын 3 атуулу ажал таап, 11 жараат алды.

Багдаддан 60 чакырым түндүк-чыгыштагы Бакуба шаарында оодан жетекчисинин эки тууганы киши колдуу болду. Түштүктөгү Басрада полиция бекети аткыланган. Бир ракета бекеттин жанындагы үйгө келип түшкөндө бир ирактык өлүп, бир нечеси жарадар болду.

Өткөн айларда шийиттердин Нажаф шаарында козголоң чыгарышкан радикал молдо Моктада ас-Садырдын колдоочулары кечээ Ирактын жаңы өкмөтү мыйзамсыз экендиги айтылган билдирүү жарыялашып, "баскынчылыкка каршылык көрсөтөбүз" деп эскертишкен.

XS
SM
MD
LG