Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:04

Орусия менен Кыргызстандын парламенттер аралык комиссиясынын отуруму башталды


Орусия менен Кыргызстандын парламенттер аралык комиссиясынын төртүнчү отруму 6-8-июль күндөрү Москва шаарында өткөрүлөт. Ага Мыйзам чыгаруу жыйынынын КМШ өлкөлөрү боюнча комитетинин башчысы Николай Байло баштаган төрт депутат катышууда. Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо багытында жети маселе каралат. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Николай Байлонун айтымында, карала турган маселелердин арасында Кыргызстандын Орусияга болгон тышкы карызын жөнгө салууга мыйзамдык жактан көмөк көрсөтүү, айлана-чөйрөнү коргоо багытында кызматташтыкты чыңдоо, КМШ өлкөлөрүнүндөгү орус тилинин абалы, орус тилиндеги китептерди басып чыгаруу жаатында Кыргызстанга көмөк көрсөтүү жана башка маселелер бар. Отурум тууралуу Николай Байло мындай дейт:

- Биринчиден биз эки өлкөдөгү кабыл алынган мыйзамдарды жакындаштырууга аракет жасайбыз. Анткени эки өлкөдө буга чейин кабыл алынган жана кабыл алына турган мыйзамдарды жакындаштыруу Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы байланышты чындоодо мааниси зор.

Таңкы жаңылыктарды Азиза Турдуева Прага шаарынан даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG